Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү мекемелеринде эмгекти коргоо жана коопсуздук чараларын талап деңгээлинде камсыз кылуу боюнча маселе каралды

2019-жылдын 13-сентябрь күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу № 10 К. Абдразаков атындагы орто мектебинде “Билим берүү мекемелеринде эмгекти коргоо жана коопсуздук чараларын талап деңгээлинде камсыз кылуу” темасында баштапкы кесиптик уюмдун төрагаларынын райондук семинары болуп өттү.

Семинардын ачылышында № 10 К. Абдразаков атындагы орто мектебинде өткөн окуу жылында аткарылган иштери жөнүндө баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы А.Бакирова маалымат берди.

Семинардын жүрүшүндө Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов башталган жаңы окуу жылына алдыдагы милдеттер жөнүндө айтып өттү. Андан сырткары күз – кыш мезгилине даярдыктын абалы, от жаккычтарга жумушка керектүү  каражаттар менен камсыз кылуу боюнча  маселелерге токтолду.

Үч тараптуу, жамааттык жана жеке келишимдерди түзүү жана алардын аткарылышын камсыздоо, баштапкы кесиптик уюмдарда эмгекти коргоо жана коопсуздук иш-чараларын талап денгээлинде камсыз уюштуруу боюнча Ноокен райкомунун укук жана эмгекти коргоо боюнча инспектору Т. Бакиров усулдук материалдар менен слайддар аркылуу тааныштырды. 

Баштапкы   кесиптик   уюмдарда  отчетук кайра-шайлоо  чогулуштарды даярдоо  жана өткөрүү жөнүндө “Мыкты кесиптик уюмдун төрагасы-2019” кароо-сынагынын республикалык  турунун лауреаты Н. Момуналиева өз тажрыйбасы менен бөлүштү.

Семинарга жалпысынан 93 баштапкы кесиптик уюмдарынын жетекчилери катышышты.

 

Материалды даярдаган:

№10 К. Абдразаков  а.о.м. профкому А.Бакирова