Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунда мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ачылышы

2019-жылдын 10-сентябрь күнү Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагына караштуу Тогуз-Булак жана Айбике айылдарында “Ак-шоола Айбике” жана “Асылкан” аталышындагы жергиликтүү бюджеттин эсебинен  жаңы курулган ар бири 50 орундук эки мектепке чейинки билим берүү мекемесинин салтанаттуу ачылыш аземи  болуп,  пайдаланууга берилди.

Салтанаттуу иш чарага Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Бекмуратов Баймурат Асатович, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеемуратов Улукбек Имматович, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин төрагасы Бердиев Авазбек Турабаевич жана айыл аймактын билим берүү мекемелери менен тыгыз байланышта иш алып барып жаткан Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Коңурбай Коймуратов,  айыл тургундары катышышып, жакынкы жылдарда билим берүү жагына көнүл бурулуп, жергиликтүү бийлик колдого алып жаткандыгын айтып өтүштү.

Ошондой эле, демөөрчүлөр жана айыл тургундары тарабынан бала бакчаларга эмеректер, идиш аяктар алынып,  белекке берилди.

 

Матеиалды даярдаган:

Марина Сагалиева