Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аймактардын өнүгүүсүндө жаштардын ролу

2019-жылдын 3-4-сентябрь күндөрү Жалал-Абад облусунун энергетиктердин шаары аталган Кара-Көл шаарында  “Аймактардын өнүгүүсүндө жаштардын ролу” темасындагы жаштардын республикалык форуму болуп өттү.

Форумга республиканын бардык облустарынан жаш лидерлер келип катышышты. Менда Ноокен райондук жаштар кеңешинин төрагасы катары, обкомдун алдындагы жаштар кеңешинин төрагасынын орун басары катары барып катышып келдим.

Форумдун биринчи бөлүгүндө катышуучулардын парады, шаар мэринин, шаардык кеңешинин төрагасынын куттуктоосу жана Кара-Көл шаарындагы Ч. Айтматов атындагы балдар чыгармачылык үйүнүн тарбиялануучулары тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен коштолду.

Экинчи бөлүгүндө “Шаардын өнүгүүсү үчүн ички мүмкүнчүлүктөрү” темасында Кара-Көл шаардык жаштар кеңешинин төрагасы С.Султаналиев доклад окуду.

Андан соң форумдун катышуучуларына Токтогул ГЭСине экскурсия уюштурулду. Анда Токтогул ГЭСинин кызматкерлери тарабынан ГЭСтин курулуу тарыхы жөнүндө өтө кызыктуу маалыматтар менен тааныштырышты.

Форумдун үчүнчү бөлүгүндө “Аймактардын өнүгүүсүндө жаштардын ролу” темасындагы  талкуу жүргүзүлүп, резолюция кабыл алынды.

 

Ноокен райкомдун алдындагы жаштар

 кеңешинин төрагасы Т. Бакиров