Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эмгекти коргоо, техникалык коопсуздук боюнча инструктаж, окуу-семинар өткөрүлдү

Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан 2019-жылдын 17-сентябрь күнү Өзгөн районунун аймагындагы меткептердин, бала бакчалардын директорлоруна жана эмгекти коргоо, техникалык коопсуздук боюнча бекитилген жооптуу кызматкерлерге Нускама берилип окуу-семинар өткөрүлдү.

Окуу-семинарда «Эмгекти коргоо жана жумуш ордунда  техникалык коопсуздук талаптары жөнүндө» «Жумуш ордунда өткөрүлүүчү нускаманы каттоо журналдары боюнча» Өзгөн РПКнын төрагасы И. Мырзамидинов слайд аркылуу кенири маалымат берди.

«Кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн укуктары жана милдеттери»,  «Өндүрүштөгү бөөдө кырсыктарды иликтөө жана эсепке алуу жөнүндө»  Өзгөн РПКнын эмгекти коргоо жана техникалык  инспектору А.Бөлөкбаев тааныштырды.

Мындан сырткары «Жумуш орундарын аттестациялоо жана түнкү, дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрү иштеген кызматкерлерге кошумча төлөмдөр» боюнча кенири укуктук маалыматтар берилип, практикалык жардамдар көрсөтүлдү.

Мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлоруна эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча жумуш ордунда өткөрүлүүчү нускаманы каттоо журналы, Өндүрүштө бөөдө кырсыктарды каттоо журналы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 258  токтому менен бекитилген «Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобо» жана «Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмеги», Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-февральдагы № 64 токтому менен бекитилген «Өндүрүштөгү бөөдө кырсыктарды иликтөө жана эсепке алуу жөнүндө жобо» электрондук түрдө таркатылып берилди.

 

          Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети