Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Өнөктөштүк өркүндөөнүн жолунда

2019-жылдын  14-сентябрында Жалал –Абад облустук  билим  берүүнүн   усулдук  борбору  менен  профсоюздун  облустук  комитети биргеликте билим берүүнүн мурдагы облустук жетекчилери жана  активдин  катышуусунда  “Билим залын” ачылыш  аземин өткөрүштү.

Аземге   КР  Өкмөтүнүн  Жалал-Абад облусунун ыйгарым  укуктуу  өкүлүнүн  жооптуу  кызматкерлери  -  Аширова  Г.А, Борубаев  Э, облустун билим берүү  башкармалыгынын  экс-  башчылары:  А.А.Акпаралиев,                  А.Б.  Абдрашов, Т.Турганбаев  жана  Б.Исабаев, З.Кутманова, Ч.Доороновдун туугандары, облустук  билим  берүүнүн   усулдук  боборунун директору  А.А.Токтосунов,  профсоюздун облустук  комитетинин  экс-төрагасы У.Акматов жана экс-төрага А.  Мирзахмедовдун   туугандары, обкомдун төрагасы А.А.  Исмаилов, “Алтын  сертификат”   алган  окуучулардын   мугалимдери, борбордун  жана  обкомдун  жамааты, райшаар бөлүм  башчылары, райшаарком  төрагалары, директорлор  катышышты.

Аземдин  башталышында   меймандар жана  катышуучулар  борбордо  билим  берүү  кызматкерлерин билимин   өркүндөтүү  үчүн  түзүлгөн шарттар жана  окуу  кабинеттери  менен  таанышышты.

Азем борбордо  жаңыдан үзүлгөн  “Билим залын”  ачылышы  менен  башталды.  Залда “Облустук  билим  берүү  башкармалыгынын жетекчилери”,  “Облустук  профсоюздук  комитетин жетекчилери”, “Алтын  сертификат  ээлери”, “Республикалык олимпиданын  жеңүүчүлөрү”, “Ардак  такта”, “Биздин  тарых”  сденддери чыгарылып, жаңы  заманбап  эмеректер  менен  жабдылган.

Иш-чарада сүйлөгөндөр облустун  билим берүү тармагын,  профсоюздук ишмердүлүүктүн өнүгүүсү,  жетишкен  ийгиликтер,  алдындагы  алгылыктуу  милдеттер тууралу ой-пикир, сунуштарын айтышты.

Экс-жетекчилер,  алардын  туугандары облустук  билим  берүүнүн  тарыхы  жана  кележеги  үчүн  кызмат  кыла  турган  “Билим  залын”  уюштургандыгы  үчүн  ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Материалды  даярдаган:

Обкомдун  инспектору

А.Айдаров