Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

МУГАЛИМ – КЕСИПТЕРДИН УЛУУСУ

2019-жылдын  5-октябрь  күнү   Кадамжай   районундагы  «Отдых»  ресторанында   мугалимдердин  кесиптик    майрамына  карата  азем  өткөрүлдү.  Майрамдык  аземге   Кадамжай  райондук   администрациясынын    орун  басары   С.М.Асанова,  мекеме-ишканалар,  мектеп  жетекчилери, бала  бакча  башчылары, сыйлык  алуучу  мугалимдер  жана   Кадамжай  райондук   билим  берүү  бөлүмүнүн   кызматкерлери  жалпысынан   340  адамдын   катышуусунда  өттү.  Майрамдык  кечени  ачып  берүү   үчүн   РайББ  башчысы   Ж.О.Гайбуллаев  куттуктоо  сөзүн  айтып, мугалимдерге    өз  сыйлыктарын  тапшырды.  Ошондой  эле  Билим  жана  илим  кызматкерлериннин    төрагасы  А.Ю.Момошов   мугалимдерге                                 каалоо-тилектерин  айтып  «Билим  берүүнүн  мыктысы»   төш  белгиси,  Ардак   грамота   жана  акчалай  сыйлыктарын  тапшырды. 

Майрамдык  кеченин   жүрүшүндө   оюн  уюштурулуп  мыкты  катышкан  женүүчү  мугалимдерге   райкомпрофсоюз  тарабынан   баалуу  белектер  тапшырылды.

Урматтуу  билим  берүү  тармагында  иштеп  жаткан  жалпы  мугалимдер

Сиздерди   мугалимдердин  кесиптик  майрамы  менен  чын  дилден  куттуктайбыз! Мугалимдик иш – түйшүктүү иш, аны менен катар эле сыймыктуу иш! Анткени келечек муундарды окутуп, тарбиялап, турмуштун даңгыр жолуна багыт берип, адамдык сыпаттарды калыптандырып эрезеге жеткирген – бул Мугалим эмеспи.

Караңгыны жарык кылган шам чырак сыяктуу адамзаттын дүйнө таануусун калыптандырган, жаратмандык жана атуулдук бийик рух менен эмгектенип жаткан да Мугалим.

Мугалимдик кесипти туу тутуп, күжүрмөн эмгек менен алп уруп, чарчаганын билишпей, окуткан балдары менен сыймыктанып иштеп жатышкан учурдагы мугалимдерге таазим этүү менен ыраазычылык гана айтсак арзыйт.            

Мугалим сокурга – көз, дүлөйгө кулак, караңгыга – чырак, жан дүйнөгө – азык берет. Мугалим чыныгы агартуучу, мугалим гана  коомду аппак кылып тазалоочу бирден бир күч!

Алтын жакут берметтей билим деңизинде кеме айдаган келечек муундарга нурун чачкан мугалимдерге не деген сөздөрдү арнасаң да аздык кылат. 

Андыктан урматтуу мугалимдер, ардактуу кесип ээлери Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктап сиздерге бакубат жашоо, чың ден – соолук, кажыбас кайрат, үй бүлөлүк бакыт каалайм. Түйшүктүү ишиңиздерде ийгиликтер жарала беришин Жараткандан сураймын.

Мугалимдер  - зирек  жашап, ат  багат,                                                                                

Мээ  коротуп, мектеп  ишин  аркалайт.

Мажурум  тал  шактарындай  ийилип,

Мээрим  төгүп,  окуучусун  калкалайт.

 

Маалыматты  даярдаган: 

Билим  жана  илим  кызматкерлеринин

профсоюзунун  Кадамжай   райондук  

комитетинин   уюштуруучу  адиси:   

Ф.И.Ажиева