Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сүлүктү шаарында Мугалимдердин күнү салтанаттуу өткөрүлдү

“МУГАЛИМДЕР – ӨРНӨКТҮҮ ӨМҮР ЭЭЛЕРИ”

2019-жылдын 7–октябрында Сүлүктү шаардык билим берүү кызматкерлеринин кесиптик марамына карата билим берүү бөлүмү жана билим берүү кызматкерлерининкесиптик бирлик комитетити тарабынан “Мугалимдер – өрнөктүү өмүр ээлери” аттуу салтанаттуу ишш ара аардагы Рахат тойканасында 180 билим берүү кыызматкерлери жана ардагер мугалимдердин катышуусунда өткөрүлдү.

Салтанаттуу иш чараны өткөрүү үчүн атайын бурук чыгарылып, иш чаралар планы түзүлүп, билим берүү бөлүмүнүн усулкаанасы тарабынан сценарий иштелип чыкты. И чарага ылайык билим берүү мектемелеринин ар биринде 1-октябрь улгагандардын күнүнө карата ардагер мугалимдерге үй бүлөсүнө кабар алып, үй иштерине жардам берилип, белектер уюштурулду. Ал эми мугалимдердин кесиптик марамына карата жумалыктар өтүлүп, окууччулар тарабынан дублерлор күнү уюштурулуп, атайын мугалимдер үүн конерттик программалар уюштурулду.

Жыйынтыктоочу иш чарада болсо Кесиптик бирликтин шаардык комитети тарабынан 200 кишиге сый тамак уюштурулуп, шаардагы РАХАТ тойканасында салтанаттуу өткөрүлдү.

Салтанатка шаардын 1-вие мери баштаган бир катар шаар жетекилери катышыты. Мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, шаардык мэрияянын жана шаардык кеңештин ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктарын тапырышты.

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы КР БИМ нин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисин, БИМнин, ОББУБнүн жана ШБББнүн ардак грамоталарын алдыңкы мугалимдерге тапшырып жатып, алардын жасап жаткан үзүрлүү эмгегин жана келеектеги максаттарын белгилеп кетти. Өзгөчө сыйлыктар жана мактоолор №9 Н.Кушматов атындагы мектеп гимназиясынын жамаатына берилди. Себеби 2018-2019 окуу жылында эң жогорку билим сапатына жана көптөгөн ийгиликтерге жетишишшти.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы К.С.Кудаяяров да өз куттуктоо сөзүндө түйшүктүү да,  ардактуу да болгон кесип ээлеринин бүгүнкү заман талабына ылайык таалим тарбия берүүдө, келеек муундарына сапаттуу билим татыктуу тарбияя берүүдө талыкпай жасаган үзүрлүү эмгектери үчүн ыраазылык билдирүү менен, аларга камкордук көрүү кесиптик бирликтин негизги милдеттеринен экендигин баса белгиледи.

Ардагер 65 мугалимге 400 сомдон акалай белектерди, алдыңкы мугалимдерге “Профсоюз кыймылынын отлиниги” төш белгилерин жана Борбордук комитеттин Ардак грамотасын, Областтык комитеттин Ардак грамотасы менен акалай сыйлыктарын, шаардык комитеттин Ардак грамота жана баалуу белектерин өз ээлерине тапшыруу менен, мугалимдердин жана ардагерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

Сүлүктү шаардык БЧБнун жашш таланттары тарабынан конерттик программалар тартуу кылынып, мугалимдердин маанайларын көтөрүштү.

Салтанаттуу иш чарага билим берүү кызматкерлери, ардагер мугалимдер, билим берүү мекеме жетекилери болуп 180, билим берүү бөлүмүнүн аппаратынан, шаар жетекчилери жана пресса өкүлдөрү болуп 20 жалпы 200 кии катышып, жогорку деңгээлде өттү.

 

Кесиптик бирликтин пресса кызматы