Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалим-коомдун күзгүсү

Мугалим-эскирбеген кесип. Педагогикалык акыл топтому, алысты көрө билген көрөгөчтүгү, изденүүчүлүгү, баладай жумшак көңүлү, болгон күч-аракетин келечек ээлерине терең билим, мыкты тарбия берүүгө жумшагандыгы чоң урмат-сыйга татыйт.

Мугалимдер күнүнө карата Ысык-Ата  районунда  салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышып, ардактуу кесиптин ээлерин куттуктап, жакшы каалоо-тилектерин жолдошту.

Кесиптик майрамда билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлер КРнын билим берүү жана илим министрлигинин, облустук, райондук  сыйлык-наамдар менен сыйланышты.

Салтка айланып калгандай райондук билим жана илим кызматкерлеринин профсоюздук комитети Эмгек сиңирген мугалимдерге баалуу сыйлыгын тапшырды. Майрам концерттик программа менен коштолду.

 

Материалды даярдаган:

Тыныбекова Бактыгуль