Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин кесиптик майрамына карата майрамдык иш чара өткөрүлдү

Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмү жана билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун  райондук комитети мугалимдердин кесиптик майрамын 2019-жылдын 5-октябрь күнү “Мугалим-коомдун руханий акыл-эси күч-кубаты жана тиреги”деген темада билим берүү кызматкерлеринин катышуусунда райондук маданият үйүндө майрамдык иш чара өткөрүлдү.

Майрамдык салтанатка райондук мамлекеттик администрация башчысы–аким А.К.Кожошов жана айыл округ башчылары, мекеме жетекчилери  катышып, мугалимдердин кесиптик майрамы менен куттукташты.                                       

Алдынкы мугалимдерге КРнын   Билим берүү  жана илим  министрлигинин «Билим берүүнүн  мыктысы»  тѳш  белгиси  менен 12, «Ардак грамотасы» менен  17, райондук мамлекеттик администрациясынын «Ардак грамотасы» менен 20 мугалим, райондук билим берүү бөлүмү «Ардак грамотасы» менен 13 мугалим,  КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин “Профсоюз кыймылынын отличниги”  төш белгиси 2 жана “Ардак грамотасы” менен 1 мугалим сыйланды. Мындан сырткары билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун облустук, райондук комитетинин   «Ардак грамоталары» жана акчалай сыйлыгы менен 34 мугалим сыйланды.

Айыл округ башчылары өздөрүнө тиешелүү  билим берүү уюмдарында эмгектенген алдынкы мугалимдерге  «Ардак грамоталарын» тапшырышты.

Майрамдык иш чарага жалпы билим берүүчү орто мектептердин мугалимдери даярдаган концерттик программа тартууланды.

 

Тогуз-Торо райондук профсоюз комитети