Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районунда кесип бирлик мүчөлөрү сыйланды

2019 -2020-жаңы окуу жылында, Аксы районунун "Арча-бешик" мектепке чейинки билим берүү уюмунда, кесип бирлик мучөлөрү профсоюз уюмунун Ардак грамоталары менен сыйланышты. Аталган уюм үстүбүздөгү жылда көптөгөн жетишкендиктерге жетишишти. "Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына" карата өткөрүлгөн "Мыкты профсоюз уюму" аттуу конкурста областык турда экинчи орунду багындырды. Аксы районунун профсоюз уюмунун жетекчиси Сагын Камчыбеков Арча -бешик мектепке чейинки билим берүү уюмундагы кесип бирлик мүчөлөрүн райондук Ардак грамота менен сыйлап, кесиптик майрамы "Мугалимдер күнү" менен куттуктады.

 

Материалды даярдаган:

Наргиза Тотоева