Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз кызматкерлеринин күнү белгиленди

Ош  областтык билим, илим   кызматкерлеринин  кесиптик бирлик   комитети  КРнын  социалдык  коргоо жана  профсоюз   кызматкерлеринин  күнүн 2019-жылдын  18-октябрь күнү  ОПКнын тейлөөсүндөгү  РПК, ШПК, окуу  жайлардын  жана түз  баш ийген  баштапкы  уюмдардын лидерлери,  текшерүү  комиссиясынын  мүчөлөрү,  эсепчилер,  сыйлык алуучу  активисттердин  катышуусунда  салтанаттуу  түрдө  белгиленди.

Иш чараны  төрага  С.Тойгонбаев  куттуктоо  сөз  сүйлөө  менен  ачты. ОПКнын  тейлөөсүндөгү  уюмдардын  профлидерлери  да  катышуучуларды  бүгүнкү  салтанаттуу  күнү  менен  куттукташты.  Салтанаттын  жүрүшүндө  Билим берүү  жана  илим  министрлигинин, Билим, илим   кызматкерлеринин  кесиптик  бирлигинин  Борбордук  комитетинин  Ардак  грамоталары, «Билим  берүүнүн  мыктысы», «Билим, илим   профсоюздук   кыймылынын  мыктысы»  төш белгилери, ошондой  эле  ОПКнын  Ардак  грамоталары  бир топ  алдыёкы  активисттерге  тапшырылды.

Салтанаттуу   иш-чара  профсоюз  лидерлерине  дем  берүү,  прогрессивдүүлүккө  үндөө,  мотивациялоо,  алга карай  умтулуу  максатында  уюштурулуп, өткөрүлдү.

 

Областтык  профсоюз комитети