Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Сыйлыгыңыз кут болсун!

19-октябрь -  Социалдык  жана  профсоюз  кызматкерлеринин  майрамы  алдында  Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлери нин  Жалал-Абад  облустук комитетинин  төрагасы   Исмаилов  Абдукахар  Арапович  Кыргыз  Республикасынын  профсоюзунун  жогорку  сыйлыгы  “Кыргызстан  профсоюздарына  сиңирген  эмгеги  үчүн”  ардактуу   төш  белгиси  менен  сыйланды.  Бул  сыйлык  А.А. Исмаиловго 2005-жылдан  бери  профсоюз тармагынын  өнүгүүсүнө кошкон  чоң  салымы  жана  облустук  профсоюз тармагынын  2016-жылдан  берки жетишкен  ийгиликтери үчүн берилди.

Облуста   билим берүү  тармагынын  профсоюзунун  орду  жана   ролу  бекемделди.  Социалдык  өнөктөштөр менен байланыштар  чыңдалды,  билим  берүү  кызматкерлеринин ден соолугун  бекемдөө,  эс  алдыруу,   алардын  балдарынын  жайкы  эс алуусун  уюштуруу денээли  көтөрүлдү. Райшаардык , баштапкы  профсоюздук  уюмдарга усулдук  жардам  берүү,  семинарларды  уюштуруу,  жаш  профлидерлер  менен  иштөө  системалуу  жолго  коюлду.Райшаарларда   укук  жана  эмгекти   коргоо  инспекторлорунун  иши   уюштурулду.Профлидерлер  үчүн усулдук  китепчелер,  таркатма  материалдар даярдалып,  маалымат  каражаттары  менен  иштөө тажрыйбасы өркүндөтүлдү.

Облустук  профсоюздук  лидерлер  жана   обкомдун  жамааты  А.А.  Исмаиловду сыйлыгы  менен  куттуктайбыз  жана  профсоюздук  ишмердүүлүгүндө  ийгиликтерди,   бекем ден соолукту,  үй-бүлөлүк  бакыт-  таалайды  каалайбыз!

Материалды  даярдаган:  

Обкомдун  инспектору

А.Айдаров