Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата мыкты профсоюз уюмунун төрагасы-2019” тармак

Ноокен райондук комитеттин 2019-жыл иш планына ылайык “Мыкты  профсоюздук  уюмунун төрагасы-2019” кароо-сынагы 29-январь айындагы Президиум кеңешмесинин №1/5 токтомунун негизинде жарыяланып,  октябрь  айында жыйынтыкталды.   Кароо-сынакка 8 балдар бакчасы жана 7 мектептердин баштапкы кесиптик уюмдары катышышты.                                                              

Атайын түзүлгөн комиссия  10-15-октябрь  күндөрү баштапкы кесиптик уюмдарда болуп, аткарылган  иштер  жана кароо-сынактын шарттарын ордунда карап чыгышты. Комиссия  16-октябрь күнү жалпы  жыйынтыкты  чыгарып жеңүүчүлөр  аныкталды.

Жыйынтыгында балдар бакчалары боюнча:

  1. 1-орун № 34 “Эл нуру” балдар бакчасынын баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы  Калиева Гулзина Урбаевна;
  2. 2-орун № 10 “Чынар” балдар бакчасынын баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы Мурзакматова Шааркан Сыргабаевна;
  3. 3-орун № 24 “Богот” балдар бакчасынын баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы Ниязалиева Элвира Жолмаматовна;
  4. 3-орун №23 “Келечек” балдар бакчасынын баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы Мырзабаева Гулмира Мамазакировна;

Мектептер боюнча:                                  

  1. Н.Исанов атындагы жатак гимназия мектебинин баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы Карабаева Шарапат Самаматовна;
  2. № 8 Т. Орозматов атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы Маматова Зыйнат Кенжебековна;
  3. № 17 “Кыла” орто мектебинин баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы  Анарбаева Бурулкан Ташполотовна;

 

 

Ноокен рай КБКнын инспектору

Т. Бакиров