Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“БЕРЕКЕЛҮҮ АЛТЫН КҮЗ”

2019-жылдын 23-октябрь күнү   Кадамжай  районунун  Халмион  айыл  аймагындагы “Күнбала-Таш-Дөбө”балдар бакчасында  “Берекелүү  алтын  күз”  аттуу  аймактык  семинар  өткөрүлдү.  Семинар  бала  бакчанын  чоӊ залында өттү.  Бул  иш  чарага ата-энелер, меймандар, жогорку  жана  ортоӊку  тайпанын   балдары  катышты.

Семинардын   максаты: Тарбиялануучулардын  жаш  өзгөчүлүктөрү  чектелбестен  комплекстүү билим  жана  тарбия  берүү  ыкмаларын  баяндоо  жана   аймактык  бала  бакчадагы  тарбиячылардын  өз  ара   тарбия  алмашуусу.

Тарбиячы  мугалимдер  жогорку  жана  ортоӊку    тайпаны  2   командага  бөлүп  алып,  кызыктуу  оюндары  менен  мелдештирди. Балдар  өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп,  концерттик  программаларын  аткарып  беришти  жана  айлана  чөйрө, табият жөнүндө   кызыктуу  ыр  саптарын   ырдап  беришти. Өзгөчө  ортоӊку  тайпанын  аткарган  жомогуна   келген  коноктор,  ата-энелер  мыкты  бааларын  беришти. Майрамдын  аягында  өспүрүм  балдар  ар түрдүү  мөмө жемиштерин   көргөзмөгө  көрсөтүштү. Келген  меймандар, ата-энелер  тарбиячы   мугалимдерге  ыраазы  болушту.  Жеӊүүчү  команданын  жетекчисине  жана   балдарга  райкомпрофсоюз  тарабынан  белектер  тапшырылды.

“Күнбала-Таш-Дөбө”балдар бакчасындагы  аймактык  семинар   жогорку  денгээлде  өттү.

 

Маалыматты  даярдаган  Кадамжай  райондук 

профсоюз  комитетинин  уюштуруучу  адиси:  А.Ф.Исаевна