Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде социалдык кызматкерлердин күнү белгиленди

19-октябрь Социалдык коргоо жана кесиптик кошуундардын кесиптик майрамына карата Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда майрамдык салтанат болуп өттү. Бул тууралуу ОГПИнин маалымат кызматы билдирет.

Аталган саамалык окуу жайдын Гуманитардык факультетинин cоциалдык иштер кафедрасы тарабынан даярдалып, ага факультеттин жетекчилик  жамааты, окутуучулар жана студенттер катышышты. Бул менен бирге Ош шаарынын жаштар комитетинин өкүлдөрү келип, жалпы кесип ээлерин жана катышуучуларды куттуктоо менен иш чаранын журүшүнө күбө болушту. Андан соң социалдык иш адистигинде окуган алдыңкы студенттерге институттун жана факультеттин ардак грамоталары тапшырылып, студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды. Анда ыр-бий, обондуу ырлар жана социалдык маселелерди чагылдырган таасирдүү сахналык көрүнүштүр аткарылды.

Эскерте кетсек ОГПИде социалдык иш адистиги 2007-жылы атайын министрликтин уруксаты менен ачылып, бул аралыкта жүздөгөн кесип ээлерин даярдап туурунан учурса, азыр да бир топ студентке билим, тарбия берүү менен коомубуздун социалдык тармагына бараандуу салымын кошуп келе жатышат.

 

Материалды даярдаган:

Кубаныч Жылкычы уулу
kuba.ogpi@mail.ru