Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

Комуз күнү жөнүндө

Комуз күнү жөнүндө

Жогорку технологиялар ылдам өскөн шарттарда улуттук маданиятты сактап калуу мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун ишинин маанилүү багыттарынын бири болуп эсептелет. Улуттук маданият коомду андан ары консолидациялоо жана Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөө үчүн шарттарды түзөт. Кыргыз элинин руханий маданиятынын ажырагыс бөлүгү катары салттуу музыканы комузсуз элестетүү мүмкүн эмес.

 14.08.2019      904       Маалыматтык бюллетень

БАТКЕНДИН ПРОФСОЮЗ ЛИДЕРЛЕРИ ЫСЫК – КӨЛДӨ БОЛУШТУ

БАТКЕНДИН ПРОФСОЮЗ ЛИДЕРЛЕРИ   ЫСЫК – КӨЛДӨ БОЛУШТУ

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен облустук комитетинин иш планына ылайык 2019-жылдын 29-июлунан 4-августуна чейин билим берүү мекемелеринин баштапкы профсоюз комитеттеринин төрагалары үчүн Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан “Красная гвоздика” эс алуу борборунун базасында окутуу – эс алуу семинары өткөрүлдү.Семинарга облус аймагындагы билим берүү мекемелеринде эмгектенген 30 профсоюз лидерлери катышышты. Семинардын жүрүшүндө кызуу талкуулар, алдыңкы тажрыйбалар менен алмашуу, суроо-жооптор менен катар кызыктуу оюн-зооктор жана конкурстар орун алды.

 14.08.2019      612       Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунун социалдык педагогдору семинар-тренингде

 Лейлек районунун социалдык педагогдору семинар-тренингде

2019-жылдын май айынан тарта Ист – Вест Менеджмент Институту тарабынан ишке ашырылып жаткан ЮСАИДдин биргелешип башкаруу программасынын алкагында «Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунда ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөктөшүү» аттуу долбоору өз ишин баштаган. Ушул долбоордун алкагында 2019 – жылдын 6 -7 август күндөрү  Исфана шаардык мэриясынын жыйындар залында «Мигранттардын балдарынын укугун коргоо боюнча улуттук механизмдер» аттуу семинар – тренинг өткөрүлүп,Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнөн Ак Суу жана Лейлек айыл өкмөттөрүнүн орто мектептеринен социалдык педагогдору аталган семинарга катышышты.

 14.08.2019      574       Кесиптик бирлик региондордо

РАЙОНДУК КАРОО-СЫНАКТАРДЫН ЖЕӉҮҮЧҮЛӨРҮ БОЛГОН МЕКТЕП ЖЕТЕКЧИЛЕРИ, БАШТАПКЫ КЕСИПТИК БИРЛИК УЮМУНУН ТӨРАГАЛАРЫ ЖАЙКЫ ЭС АЛУУДА

РАЙОНДУК  КАРОО-СЫНАКТАРДЫН  ЖЕӉҮҮЧҮЛӨРҮ БОЛГОН  МЕКТЕП   ЖЕТЕКЧИЛЕРИ, БАШТАПКЫ КЕСИПТИК БИРЛИК УЮМУНУН ТӨРАГАЛАРЫ ЖАЙКЫ ЭС АЛУУДА

Баткен районундагы мектептер арасында өткөн “Мыкты социалдык өнөктөш – мектеп жетекчилиги-2018”, “Мыкты социалдык өнөктөш –баштапкы кесиптик бирлик уюму-2018” райондук кароо-сынактарынын жеңүүчүлөрү болгон мектеп жетекчилери, баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрагалары Баткен-Бишкек-Чолпон-Ата-Баткен машрурту боюнча дем алуу экскурсиясына жөнөтүлдү. Экскурсия Баткен райондук комитети тарабынан уюштурулуп, ага 18 билим берүү кызматкерлери катышышып, “Телтору” пансионатында эс алышты.

 14.08.2019      516       Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү уюмдарынын жетекчилери Ысык-Көлдө эс алышты

Билим берүү уюмдарынын жетекчилери Ысык-Көлдө эс алышты

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Тогуз-Торо райондук комитетинин иш планына ылайык 2019-жылдын 2-4-август күндөрү Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунда жайгашкан “Нептун” пансионатында билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Иманбердиев жана Тогуз-Торо районундагы жалпы билим берүүчү орто мектептердин, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлору болуп 19 жетекчи эс алышты. Эс алууну уюштурууга каражат райондук профсоюз комитети тарабынан каржыланды. Билим берүү уюмдарынын жетекчилери эс алууну уюштуруп бергендиги үчүн райондук профсоюз комитетинин торагасы З.Ажыбаевге ыраазычылыктарын билдиришип, ишине ийгилик каалашты.

 14.08.2019      528       Кесиптик бирлик региондордо

Жаш мугалимдерге “Жайкы мектеп” аттуу окуу - семинары

Жаш мугалимдерге “Жайкы мектеп”  аттуу окуу - семинары

2019-жылдын 20-21-июлу күндөрү Кыргызстандын керемет жерлеринен болгон Базар-Коргон районунунда жайгашкан “Арстанбап- Ата” туристик базасында Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитети жана Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитети, “Академия Роста” интелектуалдык өнүктүрүү борбору менен биргеликте жаш мугалимдердин “Жайкы мектеп-2019” аттуу окуу – семинары болуп өттү. Эскерте кетсек биринчи жолу 2018-жылдын 23-июнь күнү Сузак районуна караштуу Кара-Алма айылында жайгашкан “Алтын – Балалык” балдардын эс алуу борборунда болуп өткөн. Анда да Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитети менен Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү биргеликте уюштурган.

 14.08.2019      682       Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаардык билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун жаратылыш койнундагы семинары

Таш-Көмүр шаардык билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун жаратылыш койнундагы семинары

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитети 17-18-июль күндөрү Аксы районунда жайгашкан Сары-Челек көлүндө эс алуу менен бирге көчмө семинарды уюштурду. Бул семинарда жалпы 26 кызматкер катышышты. Семинардын максаты: - Эмгек келишимдин туура түзүлүшү, үч тараптуу макулдашуулар; - Эмгек акынын жана жумалык сааттардын туура бөлүштүрүлүшү; - Дем берүүчү акынын ургаалдуулугу,техникалык коопсуздуктун сакталышы сыяктуу маселелер каралды. Семинардын биринчи күнүндө бардык иш-чаралар өткөрүлүп, экинчи күнү эс алуу менен аяктады. Жаштар кеңешинин төрагасы Даирбек уулу Манас жана мүчөсү Мусуралиева Мээрим  “Красная Гвоздика” эс алуу лагеринде уюштурулган облустук семинардагы болгон жаңылыктар боюнча айтып беришти. Ошондой эле казыначы В.Алишова эс алуу жана дарылануу боюнча путевка алуунун эрежелери жана керектелүүчү документтер жөнүндө кеңири маалымат берди.

 14.08.2019      525       Кесиптик бирлик региондордо

ЖЫЛДЫН МЫКТЫЛАРЫ КӨҢҮЛДҮҮ ЭС АЛЫШТЫ

ЖЫЛДЫН МЫКТЫЛАРЫ  КӨҢҮЛДҮҮ ЭС АЛЫШТЫ

Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу шаардык мектептер арасында "Жыл мугалими - 2019" кароо сынагына катышкан мугалимдерди стимул иретинде билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик кошунунун Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы Кудаяров Канатбек Сапарович "Абшыр-Ата" эс алуу жайына жана Ош шаарына жайкы эс алуу ичинде 2 күнгө алып барып, эс алдырып келди. Кереметтүү кооз жерлер, чарчаган мээни сергитип, жаратылыштын кооздуктары суунун шылдыр акканы ден ссолукка пайдалуу да. Шаркыратманын суусунун уурташа, Шыпаа Булактан суу ичип, зам-зам суунан ниеттенип үйлөрүнө да ала кетишти.

 14.08.2019      498       Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районунун профсоюз уюму Ысык-Көлдө эс алууда

Аксы районунун профсоюз уюму Ысык-Көлдө эс алууда

2019-жыл "Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына" карата Аксы районунун профсоюз уюмунун мүчөлөрү Ысык-Көл облусундагы кооз аймактары менен таанышышты. Райондун профсоюз мүчөлөрү, "жыл мугалими" конкурсунун  женүүчүлөрү, "мыкты кызматкерлер"  Ысык-Көлдөгү "Нептун" пансионатында эс алышты. Уюмдун төрагасы Камчыбеков Сагын агай, областык профсоюздук комитет тарабынан берилген жолдомо менен, жогоруда аталган кесип бирлик  мүчөлөрүнүн жайкы эс алууларын жогорку деңгээлде уюштурду. Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдөгү эс алууга не жетсин. Тунук суусу, көл жээгиндеги куму, ысык сууларынын дарылык касиети абдан чоң. Чет өлкөлүк туристтердин да көлгө келүүсү селдей агылууда. 

 13.08.2019      520       Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлери Өзбекстан Республикасынын тарыхый

Билим берүү кызматкерлери Өзбекстан Республикасынын тарыхый

Ноокен районунда 2018-2019-окуу жылында кесиптик чыгармачылыкты өркүндөтүү жана иш тажрыйбаларды жайылтуу максатында өткөрүлгөн мелдештердин жана кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү, окуучусу республикалык предметтик олимпиадага катышкан мугалимдер жана байгелүү 2-орунду ээлеген билим берүү кызматкерлери 19-22-июль күндөрү коңшу Өзбекстан Республикасынын Ташкент, Самарканд шаарларынын тарыхый эс алуу жайларында эс алып кайтышты. Барып келүү жагы Билим, илим профсоюзунун Ноокен райондук комитети тарабынан толук каржыланды.

 13.08.2019      534       Кесиптик бирлик региондордо

Жаш профлидерлердин министрдин орун басары менен жолугушуусу

Жаш  профлидерлердин  министрдин  орун  басары  менен  жолугушуусу

2019-жылдын 20-21-июлу күндөрү Кырзстандын керемет жерлеринен болгон Базар-Коргон районунунда жайгашкан “Арстанбап- Ата” туристик базасында Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү менен билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин биргеликтеги “Жайкы мектеп-2019” жаштардын иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович, билим берүү жана илим кызматкерлерин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун , шаардык билим берүү бөлүмүмүн, шаардык комитеттин жооптуу кызматкерлери, “Академия роста” интеллектуалдык өнүктүрүү борборунун өкүлдөрү, шаардык жаштар кеңештеринин төрагалары, Ноокен районунун жаштар кеңешинин активисттери катышышты.

 13.08.2019      550       Кесиптик бирлик региондордо