Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаардык билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун жаратылыш койнундагы семинары

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитети 17-18-июль күндөрү Аксы районунда жайгашкан Сары-Челек көлүндө эс алуу менен бирге көчмө семинарды уюштурду. Бул семинарда жалпы 26 кызматкер катышышты. Семинардын максаты:

- Эмгек келишимдин туура түзүлүшү, үч тараптуу макулдашуулар;

- Эмгек акынын жана жумалык сааттардын туура бөлүштүрүлүшү;

- Дем берүүчү акынын ургаалдуулугу,техникалык коопсуздуктун сакталышы сыяктуу маселелер каралды.

Семинардын биринчи күнүндө бардык иш-чаралар өткөрүлүп, экинчи күнү эс алуу менен аяктады. Жаштар кеңешинин төрагасы Даирбек уулу Манас жана мүчөсү Мусуралиева Мээрим  “Красная Гвоздика” эс алуу лагеринде уюштурулган облустук семинардагы болгон жаңылыктар боюнча айтып беришти. Ошондой эле казыначы В.Алишова эс алуу жана дарылануу боюнча путевка алуунун эрежелери жана керектелүүчү документтер жөнүндө кеңири маалымат берди.

 

Даярдаган:

Э.Э.Эгизалиева