Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунун социалдык педагогдору семинар-тренингде

2019-жылдын май айынан тарта Ист – Вест Менеджмент Институту тарабынан ишке ашырылып жаткан ЮСАИДдин биргелешип башкаруу программасынын алкагында «Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунда ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөктөшүү» аттуу долбоору өз ишин баштаган.

Ушул долбоордун алкагында 2019 – жылдын 6 -7 август күндөрү  Исфана шаардык мэриясынын жыйындар залында «Мигранттардын балдарынын укугун коргоо боюнча улуттук механизмдер» аттуу семинар – тренинг өткөрүлүп,Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнөн Ак Суу жана Лейлек айыл өкмөттөрүнүн орто мектептеринен социалдык педагогдору аталган семинарга катышышты.

Семинардын максаты Кыргыз Республикасында балдардын абалы, мигрант балдалдардын көйгөйлөрүн жана балдардын укуктарын коргоодо керектүү чараларды аныктоо жана ошондой эле билим берүү тармагынын башка мамлекеттик органдар менен иш алып баруусу болуп саналат.

Жыйынтыгында катышуучулар өз ой пикирлерин билдирип, суроо жооп бөлүгүндө өз сунуштарын айтышып,  керектүү маалыматты ала алышты.

 

Материалды даярдаган:

Марина Сагалиева