Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү уюмдарынын жетекчилери Ысык-Көлдө эс алышты

Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин профсоюзунун Тогуз-Торо райондук   комитетинин  иш  планына ылайык  2019-жылдын 2-4-август  күндөрү Ысык-Көл  областынын Ысык-Көл  районунда жайгашкан “Нептун” пансионатында билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Иманбердиев жана Тогуз-Торо районундагы жалпы билим берүүчү орто мектептердин, мектепке  чейинки билим берүү уюмдарынын директорлору болуп 19 жетекчи эс алышты. Эс алууну уюштурууга каражат райондук профсоюз комитети тарабынан каржыланды. Билим берүү уюмдарынын жетекчилери эс алууну уюштуруп бергендиги үчүн  райондук профсоюз комитетинин торагасы З.Ажыбаевге ыраазычылыктарын билдиришип, ишине  ийгилик каалашты.

 

 

Тогуз-Торо райком профсоюз комитети