Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ЖЫЛДЫН МЫКТЫЛАРЫ КӨҢҮЛДҮҮ ЭС АЛЫШТЫ

Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу шаардык мектептер арасында "Жыл мугалими - 2019" кароо сынагына катышкан мугалимдерди стимул иретинде билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик кошунунун Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы Кудаяров Канатбек Сапарович "Абшыр-Ата" эс алуу жайына жана Ош шаарына жайкы эс алуу ичинде 2 күнгө алып барып, эс алдырып келди.

Кереметтүү кооз жерлер, чарчаган мээни сергитип, жаратылыштын кооздуктары суунун шылдыр акканы ден ссолукка пайдалуу да.

Шаркыратманын суусунун уурташа, Шыпаа Булактан суу ичип, зам-зам суунан ниеттенип үйлөрүнө да ала кетишти.

Албетте эс алуу эртеңки күнгө дем берет, жаңы окуу жылына жаңы дем, жаңы шык алуу үчүн шаардын жалпы билим берүүчү мекмелеринин мыктыларын эс алдырдык.

Эс алууга барган мугалимдер баары терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети