Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

БАТКЕНДИН ПРОФСОЮЗ ЛИДЕРЛЕРИ ЫСЫК – КӨЛДӨ БОЛУШТУ

Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун Баткен  облустук  комитетинин иш планына ылайык 2019-жылдын 29-июлунан   4-августуна чейин  билим  берүү мекемелеринин баштапкы профсоюз комитеттеринин төрагалары  үчүн Ысык-Көл  облусунун  Тоң  районунда жайгашкан “Красная гвоздика” эс  алуу  борборунун базасында окутуу – эс алуу семинары өткөрүлдү.Семинарга облус аймагындагы билим берүү мекемелеринде эмгектенген  30 профсоюз лидерлери катышышты.

Семинардын  жүрүшүндө кызуу талкуулар, алдыңкы тажрыйбалар менен алмашуу, суроо-жооптор менен катар кызыктуу оюн-зооктор жана конкурстар орун алды.

Аталган“Красная гвоздика” эс  алуу  борборунда Чуй облусунун Панфилов, Кемин жана Москва райондорунун профсоюз лидерлери  да болушту. Алар менен биргеликте кызыктуу программалар ишке ашырылды жана улуттук каада-салттан көрүнүштөрдү биргеликте сахналаштырып семинарды эс алуу менен жогорку денгээлде айкалыштырууга жетишилди.

“Красная гвоздика” эс  алуу  борбору Республикабыздын 9 район, шаарларынан барган билим берүү кызматкерлерин жакындан таанышып, достошууга шарт түздү. Семинардын катышуучулары өз ара даректерин алмашып, мындан ары байланышып туруу мүмкүнчүлүгүн  алышты.

Иш-чараларга билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин  төрагасыА.Т.Токтогулов катышып,семинардын катышуучуларын Борбордук комитет тарабынан жургузулуп жаткан алгылыктуу иштер менен кенири тааныштырып, аларды кызыктырган суроолорго жоопторду берди.Семинардын катышуучулары билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетине жана анын төрагасы А.Токтогуловго билим берүү кызматкерлери үчүн  көрүлүп жаткан камкордуктар жана“Красная гвоздика” эс  алуу борборунда түзүлгөн ынгайлуу шарттар үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Семинар эң кызыктуу жана көнүлдүү өттү. Биздин делегация семинардан кийинки сапарын касиеттүү Ысык- Көлдү айланып өтүп, Жети-Өгүз районуна, Кара-Кол, Бостери, Чолпон-Ата шаарлары аркылуу экскурсия жасап, кереметтүү кооз жаратылышы, тарыхый жана маданий жайлары менен таанышып чыкты.

Билим берүү кызматкерелеринин

кесиптик бирлигинин Баткен

райондук комитетинин  адиси                                                                       Б.Абдыразакова