Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаш мугалимдерге “Жайкы мектеп” аттуу окуу - семинары

2019-жылдын  20-21-июлу  күндөрү  Кыргызстандын  керемет  жерлеринен  болгон Базар-Коргон  районунунда   жайгашкан “Арстанбап- Ата”  туристик  базасында  Жалал-Абад  шаардык  билим  берүү бөлүмү, Билим  берүү  жана  илим   кызматкерлеринин   профсоюзунун  Жалал-Абад  шаардык  комитети жана Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитети, “Академия Роста” интелектуалдык өнүктүрүү борбору менен   биргеликте    жаш мугалимдердин “Жайкы  мектеп-2019”  аттуу окуу – семинары болуп  өттү.

Эскерте кетсек биринчи жолу 2018-жылдын 23-июнь күнү Сузак районуна караштуу Кара-Алма айылында жайгашкан “Алтын – Балалык” балдардын эс алуу борборунда болуп өткөн. Анда да Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитети менен Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү биргеликте уюштурган.

“Окуу семинардын максаты: билим берүү тармагына жаш педагогторду тартуу, алардын кесипке болгон кызыгуусун арттыруу жана кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү болуп саналат” – дейт профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы Кеңешбек Акунов.

Иш-чарага  Кыргыз  Республикасынын  маданият, маалымат  жана  туризм  министринин  орун  басары  Кадырбеков Нуржигит  Кадырбекович, билим  берүү  жана  илим  кызматкерлерин  профсоюзунун  Жалал-Абад  обкомунун, шаардык  билим берүү  бөлүмүмүн,  шаардык  комитеттин  жооптуу  кызматкерлери, “Академия роста”  интеллектуалдык  өнүктүрүү  борборунун өкүлдөрү, шаардык жаштар  кеңештеринин төрагалары,  Ноокен районунун жаштарынан бир өкүлү жана Жалал-Абад шаарындагы жаштар  кеңешинин активисттери катышышты.

Иш-чаранын  биринчи бөлүгү -  20-июль күнү  “Жаштар-профсоюздун  келечеги”  темасында жаштар  кеңештеринин жүргүзүп  жаткан  иштери  жөнүндө  Жалал-Абад обкомунун жаштар  кеңешинин  төрагасы  З.Сулайманов, Жалал-Абад  шааркомунун  жаштар  кеңешинин төрагасы  М.Мамасыдыковтор билдирүүлөр  жасап  слайддар  менен  маалыматтарды беришти.

“Академия роста”  интеллектуалдык  өнүктүрүү  борборунун  өкүлү  У.Турсунбаев  жаш  мугалимдерге  окуучулардын билим  сапатын  көтөрүүдөгү  жаңы  ыкмалар  менен тааныштырды.

Жалал-Абад  шаардык  билим  берүү  бөлүмүнүн  усулдук  кабинетинин  усулчулары  тарабынан  усулдук материалдар  берилип,  кесиптик  чыгармачылыкка   багыт   берилди. Катышуучулардын суроо,  ой-пикир,  сунуштары   талкууланып,  тийиштүү  жооптор  берилди.

Иш-чаранын экинчи-  21-июль  күнү  Кыргыз  Республикасынын  маданият, маалымат  жана  туризм  министринин  орун  басары  Кадырбеков Нуржигит  Кадырбекович  менен “Билим  берүү  тармагынын   жаштары-  коомду өзгөртүүчү  күч”  темасында   баарлашуу  болду.  Министрдин  орун  басары   жаштардын  Кыргыз  мамлекетинин   өнүүгүсүнө  кошуп  жаткан  салымдары  жана  алдыдагы  милдеттери  тууралуу  кеңири  сөз   сүйлөдү.  Жаштардын  көйгөйлүү  маселелерин  укту,  сунуш  пикирлерди  биргеликте  талкууланды.

Жолугушуу  жаштардын  келечек  иштерине  дем  берип, жаңы  жакшы  иштерге  багыттады.

Жалал-Абад обкомунун инспектору  А.Айдаров Кыргыз  Республикасынын  маданият, маалымат  жана  туризм  министринин  орун  басары  Кадырбеков Нуржигит  Кадырбековичке  жаштардын суранычтарына  ылайык жолугушууга  келип  катышкандыгы үчүн   Жалал-Абад  областтык  билим  берүү  кызматкерлери  жана профсоюздук активистердин  атынан  ыраазычылык  билдирип,  иштерине албан  ийгиликтерди каалап обкомдун  төрагасы   А.Исмаиловдун жана К.Акуновдун  атынан  эстелик  белегин  тапшырды.

Катышуучулар  иш-чараны өткөрүүгө  жакындан  колдоо  көрсөткөндүгү үчүн Кыргыз  Республикасынын  маданият, маалымат  жана  туризм  министринин  орун  басары  Кадырбеков Нуржигит  Кадырбековичке, Жалал-Абад  шааркомунун   төрагасы Акунов Кеңешбек Жасыновичке ыраазычылыктарын  билдиришти.

 

Материалды даярдаган: Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин алдындагы Жаштар Кеңешинин төрагасы Максат Мамасыдыков.