Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарынын билим берүү кызматкерлеринин авгус кеңешмеси болуп өттү

Таш-Көмүр шаарынын билим берүү  кызматкерлеринин авгус кеңешмеси болуп өттү

28-август күнү Таш-Көмүр шаарынын билим берүү кызматкерлеринин август кеңашмеси болуп өттү. Бул кеңешме 2 баскыч менен өткөрүлдү. Биринчи баскычында мекеме жетекчилери,предметтик мугалимдер кеңешмелери уюштурулуп,шаардык усулдук бирикмелердин башчылары жаңы окуу планын талкуулоо менен биргеликте мугалимдердин предметтик көйгөйлөрү айтылды. Ал эми экинчи баскычта болсо шаар жетекчилери менен мугалимдердин тегерек столу уюштурулду. Шаардын мэри Р.Асаналиев баштаган жетекчилер катышып,кеңешменин жүрүшүн жергиликтүү “Таш-Көмүр жарчысы” газетасынын редактору С.Каратаев көз салып турду. Тегерек столдун катышуучулары,коноктору менен биргеликте ШБББнүн отчету угулуп,слайддар көрсөтүлүп, 2018-2019-окуу жылына анализ жасалып, ийгиликтер жана кемчилдиктер баса белгиленди.Шаар жетекчилери менен биргеликте мугалимдердин социалдык абалы, коомдогу ролу, кылмыштуулуктун алдын алуу, долбоорлор менен иштөө сыяктуу орчундуу маселелер коюлуп чечүү жактары каралды.

 02.09.2019      518       Кесиптик бирлик региондордо

«Школа молодого лидера» жайкы окуу - семинары жөнүндө маалымат

 «Школа молодого лидера»  жайкы  окуу - семинары жөнүндө маалымат

Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин инспектору А.Бөлөкбаев. Мен «Центр солидарности» эл аралык уюму тарабынан уюштурулган «Школа молодежного лидера» окуу семинарынан көптөгөн жаӊы билимдерди алдым. Мен окуу-тренингден профсоюз жөнүндө, кызматкерлердин укуктары жана эл аралык стандарттар, оратордук чеберчилик, лидерлик, мугранттардын укуктары, гендердик теӊчилик, социалдык тармактарды колдонуу жана колдонууда коопсуздук эрежелери жана массалык маалымат каражаттары менен өз ара иштешүү деген темаларда көптөгөн маалыматтарды, тажрыйбаларды алдым.

 02.09.2019      552       Кесиптик бирлик региондордо

Ар тараптан өнүгүү-аң сезимдин өбөлгөсү

 Ар тараптан өнүгүү-аң сезимдин өбөлгөсү

23-26-август күндөрү Ысык-Көлдө “Центр Солидарности” программасы тарабынан семинар-тренинг уюштурулду. Бул иш чарага кыргызстандын аймактарынан жалпысынан 40ка жакын ар кайсы тармак боюнча иш алып барган жаш адистер катышты. Семинар-тренингдин жүрүшүндө азыркы учурдун эң негизги талаптары болгон 9 багыт боюнча маалыматтар берилип , чечүүнүн жолдору, кырдаалдан чыгуу, колдоо көрсөтүүнүн багыттары боюнча кенен түшүнүктөр берилди. Алгач лидерлик сапатты калыптандыруу, чечендик өнөр, эмгекти коргоо, кесиптик бирликтер, миграция, гендер, IT-коопсуздугу, массалык маалымат каражаттар менен иш жүргүзүү, СММ сыяктуу пайдалуу багыттар боюча окутуу болду. Жыйынтыгында бардык катышуучуларга сертификаттар таратылып, уюштуруучулар ыраазычылыктарын билдиришти.

 02.09.2019      678       Маалыматтык бюллетень

“Мен татыктуу эмгек үчүн” жаш лидерлер жайкы мектеби-2019

“Мен татыктуу эмгек үчүн”  жаш лидерлер жайкы мектеби-2019

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан «Эмне үчүн өз эмгек укугунду билүү зарыл” деген темада эссе жазуу үчүн конкурс жарыяланып, жыйынтыгында билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин уюштуруу, укук иштери боюнча адиси жана жаштар кенешинин төрагасы К.Акимов  “Жаш лидерлер жайкы мектебине”  катышууга мүмкүнчүлүк алып, 2019-жылдын 23-августунан 26-августуна чейин Ысык-көл областынын Бостери айылындагы “Талисман-Вилидж” эс алуу жайында “Мен татыктуу эмгек үчүн” аталышында жаш лидерлердин жайкы мектебине катышып келди.

 28.08.2019      681       Кесиптик бирлик региондордо

Билим майрамыңыздар менен!

Билим майрамыңыздар менен!

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиумунун жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди, жогорку жана атайын орто окуу жайларынын, жалпы билим берүүчү, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын урматтуу мугалимдерин, окутуучуларын, ата-энелерди, студенттерди жана тармактын бардык кызматкерлерин, 2019-2020-жаңы окуу жылынын башталышы менен ак дилден куттуктаймын! Бүгүн эгемен мамлекетибиздин ар бир билим храмында кулакка жагымдуу коңгуроо кагылып, татынакай кийинишкен окуучуларыбызды жана студенттерибизди келечек муундар үчүн бүткүл өмүрлөрүн арнашкан ардактуу мугалимдерибиз жана профессордук-окутуучулар тутумубуз зор кубаныч менен тосуп алып жатышат. Мына ушундай кубанычтуу күндөр көп болсун!

 28.08.2019      632       Маалыматтык бюллетень

Эгемендүүлүк күнүңүздөр менен!

Эгемендүүлүк күнүңүздөр менен!

 Кыргыз эли үчүн өтө зор тарыхый майрамыбыз болгон 31-август-Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинен жана жеке өзүмдөн жарык маанай тартуулай турган жылуу куттуктоолорду кабыл алып коюңуздар! Калкыбыз кылымдар бою эңсеп келген эгемендүүлүк колго тийген бул улуу майрамыбыз биздин ар бирибиз үчүн улуттук биригүүнүн, элдерибиздин ортосундагы ынтымактын жана келечек үчүн жоопкерчиликтин алтын казыгы болуп саналат. Азыркы учурубуздун эң башкы майрамын зор салтанат менен белгилеп жатышкан билим берүү жана илим тармактарынын ардактуу ардагерлерине, бардык кызматкерлерине жана алардын сүйүктүү үй-бүлөлөрүнө абдан бекем ден соолук, бакубат жашоо, алдыга белгилеген бүткүл ой-максаттардын орундалышын, жаңы жеңиштерди жана ийгиликтерди каалайбыз! Коомубуз тынч, дасторконубуз кенен, ынтымагыбыз бекем болсун!

 28.08.2019      1585       Маалыматтык бюллетень

Алысты жакын кылган эс алуу

Алысты  жакын  кылган эс  алуу

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун билим берүү кызматкерлеринин балдары 2019-жылда “Арстанбап-Ата” турбазасында акыркы агым менен 19 бала 10 кун эс алышты. Балдарга шарттарды түзүлүшү менен таанышуу жана кабар алуу максатында турбазада болуп окуучулар жана турбаза жамааты менен маектештим. Балдар алыстан жол журуп, ашуу ашып келгендиктерин жакшы болгондуктарын айтышып кубанышты.

 28.08.2019      579       Кесиптик бирлик региондордо

В вузах Кыргызстана вакантными остаются 175 грантовых мест

В вузах Кыргызстана вакантными остаются 175 грантовых мест

Как сообщили в пресс-службе МОиН КР, в текущем году было выделено 5705 грантовых мест для поступления в вузы республики. Из них 405 мест ежегодно выделяются набравшим максимальные баллы на ОРТ, детям с ограниченными возможностями здоровья, детям-сиротам, этническим кыргызам, по обязательствам в рамках международных соглашений. Впервые для выпускников школ приграничных районов выделено 165 целевых бюджетных мест, 131 из которых для обеспечения педагогическими кадрами школ приграничных районов республики.

 28.08.2019      534       Маалыматтык бюллетень

Авторские права передаются издательствам, - министр образования Г.Кудайбердиева о борьбе с контрафактными учебниками

Авторские права передаются издательствам, - министр образования Г.Кудайбердиева о борьбе с контрафактными учебниками

Министр образования и науки Гульмира Кудайбердиева и глава общественной организации «Таза табигат» Анара Дауталиева обсудили проблему контрафактных учебников. На встрече А.Дауталиева озвучила проблему контрафактных учебников, которые тиражируют отдельные типографии и необходимость пересмотра процесса учебного книгоиздания.«Я уже обращалась к президенту с письмом, в котором указывала на проблему контрафактных учебников, он взял вопрос под свой контроль. Типографии печатают контрафактные учебники без согласия правообладателей, которые вкладывают большие ресурсы в разработку учебников, наем авторов, профессиональную редактуру и качество печати. Это не дает развивать нормальное учебное книгоиздание в Кыргызстане, ущемляет права наших авторов. За контрафактную книжную продукцию не уплачиваются налоги и средства не поступают в бюджет», - сказала она. Гульмира Кудайбердиева рассказала, о мерах, которые принимает ведомство по развитию учебного книгоиздания.

 28.08.2019      602       Маалыматтык бюллетень

Жайкы эс алуу

Жайкы эс алуу

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Таш-Көмүр шаардык профсоюз уюмунун мүчөлөрү: “Санат”, “Нептун”, “Ысык-Көл”, “Арстанбоб”, “Сары-Челек” эс алуу жайларында эс алышып,  уюштуруу комитеттерине жана облустун, шаардын профсоюз комитетинин башчыларына ыраазычылык билдиришти. Быйылкы эс алууга 2018-2019-окуу жылындагы ийгилик көрсөткөн, “Жыл мугалими-2019” конкурсунун жеңүүчүлөрү жана катышуучулары эс ала алышты. Профсоюздун шаардык комитетине караган бардык баштапкы уюмдардын профсоюздары эс алуу менен семинарды айкалыштырып Сары-Челекте 2 күндүк окуу уюштурулду.

 26.08.2019      555       Кесиптик бирлик региондордо

Премьер-министр пообещал увеличить зарплаты учителям

Премьер-министр пообещал увеличить зарплаты учителям

Сегодня, 23 августа, в Чолпон-Ате проходит августовская педагогическая конференция "Современные векторы образования Кыргызстана" с участием премьер-министра Кыргызстана Мухаммедкалыя Абылгазиева и педагогов со всего Кыргызстана. Премьер-министр отметил, что с октября этого года зарплату учителям увеличат на 30%.

 23.08.2019      588       Маалыматтык бюллетень