Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

РАЙОНДУК КАРОО-СЫНАКТАРДЫН ЖЕӉҮҮЧҮЛӨРҮ БОЛГОН МЕКТЕП ЖЕТЕКЧИЛЕРИ, БАШТАПКЫ КЕСИПТИК БИРЛИК УЮМУНУН ТӨРАГАЛАРЫ ЖАЙКЫ ЭС АЛУУДА

Баткен районундагы мектептер арасында өткөн “Мыкты социалдык өнөктөш – мектеп жетекчилиги-2018”,  “Мыкты социалдык өнөктөш –баштапкы кесиптик бирлик уюму-2018”  райондук кароо-сынактарынын жеңүүчүлөрү болгон  мектеп жетекчилери, баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрагалары Баткен-Бишкек-Чолпон-Ата-Баткен машрурту боюнча дем алуу экскурсиясына жөнөтүлдү. Экскурсия Баткен райондук комитети тарабынан уюштурулуп, ага 18 билим берүү кызматкерлери катышышып, “Телтору” пансионатында эс алышты.

Мугалимдер Чолпон-Атадагы “Рух Ордо” маданий борборунда, “Көгүлтүр Ысык-Көлдө” болушуп, 3 күндүк экскурсияны оюн-зоок менен коштоп кызыктуу эс алып, райондук комитетке ыраазычылыктарын билдирип кайтышты.

 

 

Баткен РПКнын адиси                                                                            Б.Абыразакова