Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлери Өзбекстан Республикасынын тарыхый

Ноокен районунда 2018-2019-окуу жылында кесиптик чыгармачылыкты өркүндөтүү  жана иш тажрыйбаларды жайылтуу  максатында өткөрүлгөн  мелдештердин  жана кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү, окуучусу республикалык предметтик олимпиадага катышкан мугалимдер жана байгелүү 2-орунду ээлеген билим берүү кызматкерлери 19-22-июль күндөрү коңшу Өзбекстан Республикасынын Ташкент, Самарканд шаарларынын тарыхый эс алуу жайларында  эс алып кайтышты.

Барып келүү жагы Билим, илим профсоюзунун Ноокен райондук комитети тарабынан толук каржыланды.

Эс алуунун жүрүшүндө Борбордук Азиядагы эң бийик мунара болуп эсептелген Ташкенттеги телемунарада, “Ашхабад” эс алуу паркында жана Самарканддын жүрөгү Регистан тарыхый – архитектуралык эс алуу жайларында болушту. 

Эс алууга барган мугалимдер ушундай шарттар түзүлүп, мугалимдердин эмгегин бааланып жаткандыгы үчүн, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы  Б.Козуевге, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышановго өз ыраазылыктарын билдиришип, бекем ден-соолук, иштерине ийгиликтерди каалашты.

Экинчи делегация башкача айтканда кароо-сынактарда 3-орунду ээлеген мугалимдер жакынкы күндөрдө барып эс алуусу пландаштырылып жатат.

 

 

Материалды даярдаган:

Ноокен райКБКнын инспектору

Т. Бакиров