Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районунун профсоюз уюму Ысык-Көлдө эс алууда

2019-жыл "Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына" карата Аксы районунун профсоюз уюмунун мүчөлөрү Ысык-Көл облусундагы кооз аймактары менен таанышышты. Райондун профсоюз мүчөлөрү, "жыл мугалими" конкурсунун  женүүчүлөрү, "мыкты кызматкерлер"  Ысык-Көлдөгү "Нептун" пансионатында эс алышты. Уюмдун төрагасы Камчыбеков Сагын агай, областык профсоюздук комитет тарабынан берилген жолдомо менен, жогоруда аталган кесип бирлик  мүчөлөрүнүн жайкы эс алууларын жогорку деңгээлде уюштурду. Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдөгү эс алууга не жетсин. Тунук суусу, көл жээгиндеги куму, ысык сууларынын дарылык касиети абдан чоң. Чет өлкөлүк туристтердин да көлгө келүүсү селдей агылууда. 

Борбордук профсоюз комитети тарабынан кесип бирлик мүчөлөрүнүн эс алууларын уюштуруулары  жанданып колго алынууда. Бардык мүчөлөр Борбордук профсоюздук комитеттин, Жалал-Абад областтык комитетинин жана Аксы районунун  профсоюз комитетинин жетекчилерине өз ыраазычылыктарын билдиришти. 

Материалды даярдаган:

Наргиза Тотоева