Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жаш профлидерлердин министрдин орун басары менен жолугушуусу

2019-жылдын  20-21-июлу  күндөрү  Кырзстандын  керемет  жерлеринен  болгон Базар-Коргон  районунунда   жайгашкан “Арстанбап- Ата”  туристик  базасында  Жалал-Абад  шаардык  билим  берүү бөлүмү  менен билим  берүү  жана  илим   кызматкерлеринин   профсоюзунун  Жалал-Абад  шаардык  комитетинин  биргеликтеги  “Жайкы  мектеп-2019”  жаштардын  иш-чарасы  болуп  өттү.

Иш-чарага  Кыргыз  Республикасынын  маданият, маалымат  жана  туризм  министринин  орун  басары  Кадырбеков Нуржигит  Кадырбекович, билим  берүү  жана  илим  кызматкерлерин  профсоюзунун  Жалал-Абад  обкомунун  , шаардык  билим берүү  бөлүмүмүн,  шаардык  комитеттин  жооптуу  кызматкерлери, “Академия роста”  интеллектуалдык  өнүктүрүү  борборунун өкүлдөрү, шаардык жаштар  кеңештеринин төрагалары,  Ноокен районунун  жаштар  кеңешинин активисттери катышышты.

  Иш-чаранын  биринчи-  20-июль күнү  “Жаштар-профсоюздун  келечеги”  темасында жаштар  кеңештеринин жургузуп  жаткан  иштери  жөнүндө  Жалал-Абад обкомунун жаштар  кеңешинин  төрагасы  З. Сулайманов,  Ноокен  райкомунун  жаштар  кеңешинин төрагасынын  орун  басары  У.Уметов, Жалал-Абад  шааркомунун  жаштар  кеңешинин төрагасы  М.Мамасыдыковтор билдирүүлөр  жасап  слайддар  менен  маалыматтар  беришти.

“Академия роста”  интеллектуалдык  өнүктүрүү  борборунун  өкүлү  У.Турсунбеков  жаш  мугалимдерге  окуучулардын билим  сапатын  көтөрүүдөгү  жаңы  ыкмалар  менен тааныштырды.

Жалал-Абад  шаардык  билим  берүү  бөлүмүнүн  усулдук  кабинетинин  усулчулары  тарабынан  усулдук материалдар  берилип,  кесиптик  чыгармачылыкка   багыт   берилди. Катышуучулардын суроо,  ой-пикир,  сунуштары   талкууланып,  тийиштүү  жооптор  берилди.

Иш-чаранын экинчи -  21-июлу  күнү  Кыргыз  Республикасынын  маданият, маалымат  жана  туризм  министринин  орун  басары  Кадырбеков Нуржигит  Кадырбекович  менен “Билим  берүү  тармагынын   жаштары-  коомду өзгөртүүчү  күч”  темасында   баарлашуу  болду.  Министр  орун  басары   жаштардын  Кыргыз  мамлекетинин   өнүүгүсүнө  кошуп  жаткан  салымдары  жана  алдындагы  милдеттери  тууралуу  кеңири  сөз   сүйлөдү.  Жаштардын  көйгөйлүү  маселелерин  укту,  сунуш  пикирлерди  биргеликте  талкууланды.

Жолугушуу  жаштардын  келечек  иштерине  дем  берип, жаңы  жакшы  иштерге  багыттады.

Жалал-Абад обкомунун инспектору  А.Айдаров Кыргыз  Республикасынын  маданият, маалымат  жана  туризм  министринин  орун  басары  Кадырбеков Нуржигит  Кадырбековичке  жаштардын суранычтарына  ылайык жолугушууга  келип  катышкандыгы үчүн   Жалал-Абад  областтык  билим  берүү  кызматкерлери  жана профсоюздук активистердин  атынан  ыраазычылык  билдирип,  иштерине албан  ийгиликтерди каалап обкомдун  төрагасы   А.Исмаиловдун  атынан  эстелик  белегин  тапшырды.

Катышуучулар  иш-чараны өткөрүүгө  жакындан  колдоо  көрсөткондүгү үчүн Кыргыз  Республикасынын  маданият, маалымат  жана  туризм  министринин  орун  басары  Кадырбеков Нуржигит  Кадырбековичке, Жалал-Абад  обкомунун   төрагасы Исмаилов Абдукахар Араповичке ыраазычылыктарын  билдиришти.

Материалды  даярдаган: 

Жалал-Абад обкомунун  инспектору

А.Айдаров.