Жалал – Абад областтык комитетинин пленуму өткөрүлдү
2014-жылдын 31-октябрында обкомдун кезектеги пландуу III пленуму өткөрүлүп, анда «Билим берүү тармагында эмгектенгендердин жана студент жаштардын социалдык - экономикалык, эмгектик укуктарын, кызыкчылыктарын коргоодо инновациялык усулдарды колдонуу жана профсоюздун Борбордук Комитетинин IV пленумунун (Ош шаары,18-сентябрь 2014-ж) токтомдорун турмушка ашырууда облустун бардык деӊгээлдеги профсоюз уюмдарынын милдеттери жөнүндөгү» маселе каралды.
10.11.2014 1074 Кесиптик бирлик региондордоИнновациялык жаӊылыктар багытындагы демилге
Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы А.К. Осмоновтун демилгеси менен билим алган №11 Э.Алиев атындагы орто мектебине окуу тарбия ишине көмөк көрсөтүү үчүн видео көзөмөл системасын орнотууну ата-энелердин демилгеси менен ишке ашырып жаӊы багыт алынды.
04.11.2014 1620 Кесиптик бирлик региондордоЭл аралык уюмдар менен өнөктөштүк
Даниялык «Европейский Дом» Эл аралык Уюмдун чакыруусу боюнча Ноокен районунун өкүлү катарында Билим, илим кызматкерлеринин Ноокен райондук комитетинин төрагасы А.Ч. Айдаров, райондогу Ж. Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектебинин директору Э. К. Абдурахманов 2014-жылдын 24-октябрь күнү Чүй облустук «Максат» балдарды реабилитация «Максат» борборунда бөлүштү.
04.11.2014 1342 Кесиптик бирлик региондордоБилим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кызыл-кыя шаардык комитетинин отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү
Конференцияда отчеттук мезгил ичинде жүргүзгөн иштери боюнча доклад менен Кызылкыя шаардык профсоюз комитетинин төрайымы С.Мукумбаева доклад жасады. Текшерүү комиссиясынын доклады чогуу угулуп, жарыш сөздөргө чыгышкан 7 делегаттын бардыгы шаардык профсоюз комитетинин 2010-2014-жылдарда жүргүзгөн ишин канаттандырарлык деп табышты.
29.10.2014 1170 Кесиптик бирлик региондордоСоциалдык өнөктөштөрдүн демилгеси
Ноокен районунун Бүргөндү айылдык кеӊешинин депутатарынын демилгеси, Социалистик Эмгектин Батыры Өсконбай Каиповтун уулдарынын колдоосу менен №24 Ө.Каипов атындагы орто мектебинде ачык эшиктер күнү 2014-жылдын 22-октябрында өткөрүлүп, анда райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, 55 мектептин директору, айыдык кеӊештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, ата-энелер, коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
29.10.2014 2258 Кесиптик бирлик региондордоОш шаарынын борбордук стадионундагы “Жылдыздар бизди куттукташат” аттуу шоу-программасы ОшМУнун жамаатынын майрамдык жүрүшү менен коштолду
Ош мамлекеттик университетинин 75 жылдык мааракесине арналган иш-чаралардын алкагында 24-октябрь күнү Ош шаарынын борбордук стадионунда ОшМУнун жамаатынын салтанаттуу парады, “Жылдыздар бизди куттукташат” аттуу Кыргызстандын белгилүү ырчы айым, мырзаларынын катышуусундагы шоу-программа тартууланды.
27.10.2014 2070 Кесиптик бирлик региондордоОшМУ экинчи өздүк клиникасын колдонууга берди
Ош мамлекеттик университетинин 75 жылдык жана Медицина факультетинин 20 жылдык мааракесине карата бүгүн, 25-октябрь күнү ОшМУнун 3 кабаттан турган Стоматологиялык клиникасынын ачылуу аземи болду.
27.10.2014 3125 Кесиптик бирлик региондордоЭмгек адамы-эл кадырманы
Масылов Кыдырмыш Шаршенбиевич Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин 1975-жылы ийгиликтүү аяктап, тарых, коом таануу адистиги боюнча мугалимдик кесипке ээ болгон. Алгачкы эмгек жолун 1975 - жылы Түп районундагы А.Сопиев атындагы Тасма орто мектебинде катардагы мугалим болуп иштөө менен башатаган.
27.10.2014 1232 Кесиптик бирлик региондордо«Ырыс алды - ынтымак»
Түп районундагы Талды-Суу айылында жайгашкан М. Элебаев атындагы орто мектеби 1921-жылы негизделген. Бир кылымга жакын мезгилден бери бул мектептин өзүнчө тарыхы бар. 1961-жылы эки кабаттуу мектеп интернат иштеп турган. Биздин тарыхка кайрылсак, мектепти бүткөн окуучулардын арасында академиктер, илимий кызматкерлер, министрлер, генералдар, коомдук ишмерлер, бизнесмендер бар. Алар Кыргызстандандын ар кайсы бурчтарында элибизге өз салымын кошуп келүүдө.
27.10.2014 1292 Кесиптик бирлик региондордоКадамжай райондук комитетинин кезектеги IV пленуму
Пленумда “Билим берүү кызматкерлеринин социалдык –экономикалык маселелерин чечүүдө,эмгектин коопсуз шарттарын түзүүдө, Эмгектик укугун жана кесиптик кызыкчылыгын коргоодо райондук комитеттин жана баштапкы профсоюз уюмунун кечиктирилгис милдеттери жөнүндө” маселе каралды.
27.10.2014 1073 Кесиптик бирлик региондордоЧаткал райондук, Көк Жаӊгак жана Кара Көл шаарларындагы болуп өткөн отчеттук кайра шайлоо конференциялары
Жакында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Чаткал райондук VII конференциясы болуп өттү. Райкомдун отчеттук мезгил ичинде жүргүзгөн иштери боюнча доклад менен төрага А.Б.Батырбеков чыгып сүйлөдү. 9-октябрь Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Көк-Жаӊгак шаардык конференциясы болуп, анда шааркомдун 2009-2014-жылдардагы жүргүзүлгөн иштери боюнча анын төрайымы Юскаева Гульфия Махмудовна доклад жасады.
27.10.2014 1057 Кесиптик бирлик региондордо