Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кызыл-кыя шаардык комитетинин отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү

 

Конференцияда  отчеттук мезгил ичинде жүргүзгөн иштери боюнча доклад менен Кызылкыя шаардык профсоюз комитетинин төрайымы С.Мукумбаева доклад жасады. Текшерүү комиссиясынын доклады чогуу угулуп, жарыш сөздөргө чыгышкан 7 делегаттын бардыгы шаардык профсоюз комитетинин  2010-2014-жылдарда жүргүзгөн ишин канаттандырарлык деп табышты. С.Мукумбаева ардактуу эс алууга кетип жаткандыгына байланыштуу, делегаттар тарабынан шаардык профсоюз комитетинин торайымдыгына 3 талапкер сунуш кылынды.                   1.Буванова Малике-Мэриянын социалдык болумунун башчысы         2.Сарыбаева Майрам-№1 о.м. профсоюз комитетинин торайымы         3.Урустамов Жениш-№7 о.м. директору.                          Конференциянын 38 делегаттары жашыруун добуш беруу менен М.Буванова -20 добуш, М.Сарыбаевага-9 добуш, Ж.Урустамовго-7 добуш беришип,    М.Буванова шаардык комитеттин торайымдыгына шайланды. Конференциянын ишине Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын вице-мэри Ж.Рахматулаев, Шаардык кенештин төрагасы, шаардык билим беру болумунун башкы адиси Ж.Дуйшобаева,  билим беруу жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен облустук комитетинин төрагасы З.Ботоков катышып кеӊири сөз сүйлөштү.

Баткен областтык комитетинин

уюштуруу болумунун адиси                                             К.Акимов