Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУ экинчи өздүк клиникасын колдонууга берди

Ош мамлекеттик университетинин 75 жылдык жана Медицина факультетинин 20 жылдык мааракесине карата 25-октябрь күнү ОшМУнун 3 кабаттан турган Стоматологиялык клиникасынын ачылуу аземи болду. 

 

Салтанатка Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын директору Шайыр Сулайманов, м.и.д профессор Жолборс Жээнбаев , м.и.д. академик Дүйшөн Кудаяров,  Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы Накен Саллиев, Кыргыз Россия Славян Университетинин стоматология кафедрасынын башчысы, м.и.д, профессор И. Юлдашев, ОшМУнун ректору профессор Каныбек Исаков, окуу иштери боюнча проректор Абдыганы Абдувалиевдер башында турган ОшМУнун ректорат жамааты, профессордук-окутуучулук курам, сыймыктуу бүтүрүүчүлөр, студенттер, атайын чакырылган коноктор катышышты.

 

“Биз ОшМУнун 75 жылдык мааракесин белгилөө менен 23-октябрь күнү 4 кабаттуу Медициналык клиниканын ачылуу аземин өткөрүп, пайдаланууга бергенбиз. Бүгүн минтип саамалыктарыбыз уланып  университеттин экинчи клиникасын Стоматологиялык клиниканын ачылуу аземине сиздер менен күбө болуп турабыз.

Университеттин ички мүмкүнчүлүктөрүнөн курулуп, ишке берилип жаткан клиникаларыбыз саламаттыкты сактоо жаатында өз үлүшүн кошот деген ишеничтемин. Клиникаларыбыз заманбап типте курулуп, сапаттуу медициналык жабдыктар менен жабдылган, мунун баары кадырман калкыбыздын саламаттыгы үчүн, ошол эле кезекте биздин медицина факультетинин, медициналык колледждин студенттери үчүн да чоң мүмкүнчүлүк. Бул жерден биздин окумуштуу-окутуучуларыбыз өздөрүнүн илимий тыянактарын, жаңы тажрыйбаларын иш жүзүндө көрүүгө, студенттер, аспиранттар, ординаторлор практиткалык тажрыйба топтоого шарттар жаралды”,- деди сөз сүйлөгөн ОшМУнун ректору Каныбек Исаков.

Салтанатка катышып жаткан коноктордун ар бири окуу жайдын жамаатына куттуктоо сөзүн айтып, жаңы идеяларды, реформаларды ишке ашырып, жаңы курулуштарды, структураларды колдонууга берип жаткан ОшМУ Кыргызстандагы башка жогорку окуу жайларына үлгү экендиктерин айтышып, бул максаттардын ишке ашышында жамааттын ынтымагынын, жетекчиликтин бараандуу орду бар экендигин белгилеп өтүштү.  

 

Клиниканын кызыл тасмасы кесилип, ак жолтой клиника болсун деген тилектер айтылды жана окуу жай жетекчиси Медицина факультетинин деканы С.Арстанбековго Стоматологиялык клиниканын ачкычын тапшырды. 

 

Келген коноктор клиниканын шарттары менен таанышып чыгышты.

 

 Кошумчалай кетсек, Стоматологиялык клиникада 200 орунга ылайыкташкан  чоң лекциялык зал, 80 орунга ылайыкташкан кичине лекциялык зал, конференц залдар менен биргеликте хирургиялык, тиш дарылоо,  рентген, залалсыздандыруучу 10 тиш дарылоо кааналары оорулуулар үчүн кызмат көрсөтөт.

 

Бул клиникада дасыккан тиш дарыгерлери эмгектенип,  ординанттар, стажерлор, стденттер үчүн да практика жүзүндө ишмердүүлүктөрүн арттырууга өбөлгө жаралат. Акыркы үлгүдөгү медициналык жабдыктар менен жабдылган клиника ОшМУнун базасындагы экинчи клиника болуп калды.