Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Ырыс алды - ынтымак»

Түп  районундагы  Талды-Суу  айылында  жайгашкан  М. Элебаев атындагы орто мектеби  1921-жылы  негизделген.  Бир  кылымга  жакын мезгилден  бери  бул  мектептин  өзүнчө  тарыхы  бар. 1961-жылы  эки  кабаттуу  мектеп  интернат  иштеп  турган. Биздин  тарыхка  кайрылсак, мектепти  бүткөн  окуучулардын  арасында  академиктер,  илимий  кызматкерлер,  министрлер,  генералдар,  коомдук  ишмерлер,  бизнесмендер  бар.  Алар Кыргызстандандын  ар  кайсы  бурчтарында  элибизге  өз  салымын  кошуп  келүүдө.  Азыркы  учурда  биздин  мектепте  66  мугалим  эмгектенет.  814  окуучу  билим  алууда. 

Мектепте  мугалимдер  коллективи  жыл  сайын  өзүбүздүн  кесиптик майрамды  татыктуу  тосуп,  кызыктыруучу  ар  кандай  баалуу  белектерди  тартуулап  турабыз  жана  «Ырыс алды- ынтымак»  деген жаамат  уюшулган,  башкача  айтканда  өзүбүздүн  кассабыз  бар,  кассада  60  миңдей  акча  чогултулган,  бул  акча  ай  сайын  мугалимдердин  өздүк  керектөөсүнө  берилип  турат.

Биздин  мектептин  жааматы  райондук  профсоюз  комитети  менен тыкыс байланышта иштешет.  Быйылкы  окуу  жылында  5  мугалим  Ысык-Көлгө  эс  алууга  жолдомо  алышты. Окуучуларыбыз жыл сайын  райондук,  областтык  олимпиадаларга  катышып  татыктуу  орундарга  ээ  болууда.  Мектепте  спорт  маселеси  да  жогорку  мааниде.  Мисалга  алсак,  кыргыздын  улуттук  оюндары  тогуз  коргоол  жана  ордо  боюнча  жогорку  тепкичте  турат. Тогуз  коргоол  боюнча  12  спорттун  чебери  бар болсо,  ал  эми  ордо  оюну  боюнча  2  спорттун  чебери  жана  4  спорттун  чеберине  талапкерлер  бар.  Мектептин  мугалимдери  да спорттон алыс  эмес.  Тогуз  коргоол,  ордо  оюну  менен райондук,  областык,  республикалык  мелдештерге  катышып,  байгелүү  орундарды жеңип келишүүдө.  Мектеп менен  айыл  өкмөтү   тыгыз  байланышта  иштерди  алып  барууда. Ар кандай  мелдештерге  материалдык  жардамын  көрсөтүп  турат, мектептин  айланасын  курчап  берүүдө.  Ага  кеткен  каражат  400  миң сомдон  ашты. Мына ушул иштердин баардыгына баштапкы профсоюз уюму такай катышып иштин алга жылышына салым кошуп келүүдө жана мектепте  мугалимдердин  статусун  жогорку  деңгээлде  котөрүүгө  аракетибиз арттыра бермекчибиз. Ынтымак бар жерде гана ийгиликтер жаралаарына шек жок.

 

С. Касымалиев,

                               М. Элебаев атындагы орто мектебинин

                       профсоюз уюмунун төрагасы.