Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жалал – Абад областтык комитетинин пленуму өткөрүлдү

2014-жылдын 31-октябрында обкомдун кезектеги пландуу III пленуму өткөрүлүп, анда «Билим берүү тармагында эмгектенгендердин жана студент жаштардын социалдык - экономикалык, эмгектик укуктарын, кызыкчылыктарын коргоодо инновациялык усулдарды колдонуу жана профсоюздун Борбордук Комитетинин IV пленумунун (Ош шаары,18-сентябрь 2014-ж) токтомдорун турмушка ашырууда облустун бардык деӊгээлдеги профсоюз уюмдарынын милдеттери жөнүндөгү» маселе каралды.

 

   Бул маселе боюнча обкомдун төрагасы К.Мурзакматов кеӊири баяндама жасап, пленумдардын аралыгында обкомдун жана анын тейлөөсүндө турган уюмдардын жүргүзгөн иштерине кеӊири анализ жасады. Колго киргизилип жаткан алгылыктуу ийгиликтер менен кетирилип жаткан айрым мүчүлүш жактарды баса көрсөттү жана аларды жолго коюудагы иштиктүү чараларды белгиледи.

 

   Баяндаманы талкуулоого 7 киши катышып, олуттуу ой-пикирлерин ортого салышты. Алар пленумдардын аралыгында обкомдун жүргүзгөн ишин «алгылыктуу» деп баалашты.

 

    Алардын ичинен облустук билим берүүнүн усулдук борборунун директору А.Токтосуновдун сөзү бүгүнкү күндөгү билим берүү кызматкерлеринин социалдык - экономикалык, укуктук кызыкчылыктарын коргоодогу көйгөйлөргө жана аларды өнөктөштүк негизде чечүүнүн жолдоруна арналды.

 

   Пленумдун акырында сөз алган профсоюздардын Жалал-Абад облустук кеӊешинин төрагасы  З.Жусмаматов жакында белгиленген профсоюз майрамы менен жалпы пленумдун катышуучуларын куттуктады.

   Ошону менен бирге пленумда учурдун талабына шайкеш келген маселе каралып жаткандыгын, ага пленумдун мүчөлөрү активдүүлүк менен катышып, айрыкча, билим берүү кызматкерлеринин айлык маяналарын көтөрүү жөнүндөгү талаптары туура экендигин белгилеп, аткарылуучу иштерге токтолду.

 

   Пленумда каралган негизги маселе боюнча кеъири токтом кабыл алынып, аткарылуучу иштердин чөйрөсү аныкталды.

   Соӊунда пленумдун катышуучуларынын Жогорку Кеӊештин депутаттарына  карата кайрылуусу кабыл алынды.

   Пленумдун ишин обкомдун төрагасы К.Мурзакматов алып барды жана жыйыктоо сөзүн сүйлөдү.

Обкомдун уюштуруу бөлүмү.