Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эмгек адамы-эл кадырманы

Масылов Кыдырмыш Шаршенбиевич Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин 1975-жылы ийгиликтүү аяктап, тарых, коом таануу адистиги боюнча мугалимдик кесипке ээ болгон. Алгачкы эмгек жолун 1975 - жылы Түп районундагы А.Сопиев атындагы Тасма орто мектебинде катардагы мугалим болуп иштөө менен башатаган. Жаш адистин аракетчилдигин, кесибин сүйгөндүгүн, бир катар ийгиликтердин ээси болуп жаткандыгын эске алуу менен райондун жетекчилиги аны 1986- жылы Жылуу-Булак сегиз жылдык мектебине директорлукка дайындайт. Кыдырмыш Масылов аталган мектептин директору болуп, 1991 - жылга чейин эмгектенген. Ал убакта тыӊ иштеген жетекчилерди ары бери жылдыруу, артта калган мектептерди алдыга сүрөөгө атайылап жиберишчүү эмес беле. Мына ушул тагдырга Кыдырмыш Шаршембиевич да туш келип 1991 -1993- жылдары Чоӊ-Тогузбай орто мектебинде, 1994- 2008-жылдары А.Сопиев атындагы Тасма орто мектебинде директор болуп татыктуу да, үзүрлүү да эмгектенип келди.

Иштеген эмгек жолунда көптөгөн райондук, областык мамлекеттик администрациясынын, райондук, областык билим берүү бөлүмдөрүнүн ардак грамоталары менен сыйланган. 1990 -жылы эл агартуунун отличниги , 2008 -жылы профсоюздук кыймылдын отличниги наамдарына татытуу болгон. К.Масылов жетектеген мектептер 1993-жылдан 1998-жыл аралыгында райондун мыкты мектеби, 1995-1996-жылдары областын мыкты мектеби наамдарына ээ болгон. 

Республикалык олимпиадаларда билим берген окуучулары География , чет-тили сабактарынан биринчи жана экинчи орундарына ээ болушкан. Мектептин матери алдык техникалык базасын чындоодо да көп эмгектенди. Алсак, мектептин чатыры элдик ашар ыкмасы менен жабылды, жалпы иштин жыйынтыгы 1млн 150 миӊ сомду түздү. Ошондой эле мектептин бардык класстары «АРИС» проектисинин негизинде полдору жаӊыланып салынды.

 Айыл мектеби программасы менен иш алып барылып 10 кабинетке телевизор, ДВД, спорттук инвентарлар жана спутник антеннасы алынып окуу программасына ылайык кинофильмдер менен толукталды. Мугалимдер формативдик баалоо боюнча иш алып барышып жакшы аракет кылышкан мугалимдерге жогорку категориялар ыйгарылды. Формативдик баалоо боюнча жетишкен ийгилиги үчүн Кыдырмыш Шаршенбиевичке «директор лидер» наам ыйгарылгаи. Билим тармагындагы мына ушундай жигердүү эмгектери үчүн ал жеке эле айылдаштарынын эмес жалпы Түп районунун элинин арасында зор кадыр-баркка ээ.

Азыркы учурда билим берүүнүн ардагери К.Масылов коомдук иштерден калышпай Айылдык Кенешинин төрагасы, райондук байкоочулар Кенешинин төрагасы болуп эмгектенип келе жатат. Бул кызматтарда иштегенден бери ал элдин суроо-талаптарын өз убагында чечип берүү үчүн бардык күч-аракетин жумшап жатат.Райондун, айыл аймагынын шартында коомдук уюмдарды жандандырууда жана алар менен тыгыз иштешүүдө көзгө көрүнөөрлүк натыйжаларга жетишип жаткандыгы кубандырбай койбойт. Мына ушундай тынымсыз аракеттеринин натыйжасында ал элдин арасында өтө чоӊ кадыр -баркка ээ. Өз кесибинде татыктуу эс алууга чыкса да Кыдырмыш Шаршенбиевич жатып албай эл үчүн эмгек өтөп жатканы, жаштарга насаатчылык көрсөткөндүгү, жаш мугалимдерге кеп-кеӊешин аябай колдоо көрсөткөндүгү- бул адам чын эле эл кадырманы экендигин айгинелеп турат.

Сүрөттө: Кыдырмыш Масылов.

                                           Э.Садабаев,  журналист.