Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кадамжай райондук комитетинин кезектеги IV пленуму

 

 Пленумда “Билим берүү кызматкерлеринин  социалдык –экономикалык  маселелерин чечүүдө,эмгектин  коопсуз шарттарын түзүүдө, Эмгектик укугун  жана кесиптик  кызыкчылыгын коргоодо райондук комитеттин жана баштапкы  профсоюз уюмунун кечиктирилгис милдеттери  жөнүндө”  маселе каралды.

         Бул  маселе боюнча  билим берүү  комитетинин профсоюзунун райондук  комитетинин төрагасы  А.Нурмаматов  маселелерге  кеңири  токтолуу менен доклад  жасады. Өз докладында,айрыкча  мугалимдердин  айлык  акыларынын, 2013-2014-окуу   жылынан  баштап,азайып кеткендигине  токтолуу менен, 2013-жылдын  сентябрынан –декабырына чейин,бир эле айлык акыны туура эсептөө  боюнча  5 жолу семинар өтүлгөнүн,ал  семинарларга  Борбордук Комитетеинин өкүлү  Кубатбек  Ниязбеков  катышып, борборлоштурулган  бухгалтериянын  эсепчилерине,мектептин  директорлоруна, окуу бөлүмүнүн башчыларына жана  билим берүү бөлүмүнүн  кызматкерлерине  эмгек акыны,кошумча  төлөмдөрдү  туура  эсептөө боюнча өтө баалуу  кеңештер, сунуштар   айтылганын  баса белгилеп кетти.

Пленумда каралган маселе  боюнча  жети адам  жарыш сөзгө  чыгып кызуу  талкуу  болду.Сөзгө чыккандардан  Кадамжай  Райондук Билим Берүү  бөлү мүнүн  башчысы  М.Ганыбаев,Билим берүү жана илим  кызматкерлеринин  Баткен  облустук комитетинин төрагасы З.Бөтөков  мекетептин  директору, мугалимдер  жана баштапкы профсоюз  уюмунын төрага ,төрайымдары  жарыш сөзгө  чыгышып, жыйынтыгында  эмгек акыны  жогорулатуу  боюнча  Жогорку Кеңешке, примьер-министирге  кайрылуу  кабыл алынды.

         Пленумга Билим берүү жана  илим кызматкерлеринин  Баткен облустук  комитетинин   төрагасы  З.Бөтөков, Кадамжай Райондук Билим Берүү бөлүмүнүн башчысы  М.Ганыбаев, пленумдун  мүчөлөрү  жана  орто мектептин  баштапкы профсоюз уюмдарынын  төрага, төрайымдары, бардыгы болуп  71 адам катышты .        

                                                       Уюштурган:                   Ж.Токтосунова.