Центральный комитет профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики

Центральный комитет профсоюза

работников образования и науки Кыргызской Республики

Профсоюз в регионах

Социалдык өнөктөштөрдүн демилгеси

Ноокен районунун Бүргөндү айылдык  кеӊешинин  депутатарынын  демилгеси,  Социалистик Эмгектин  Батыры  Өсконбай  Каиповтун   уулдарынын  колдоосу  менен  №24 Ө.Каипов  атындагы  орто  мектебинде ачык эшиктер  күнү 2014-жылдын  22-октябрында өткөрүлүп,  анда райондук билим  берүү  бөлүмүнүн кызматкерлери,  55  мектептин директору, айыдык кеӊештин депутаттары, айыл  өкмөтүнүн кызматкерлери, ата-энелер, коомчулуктун өкүлдөрү  катышты. 

 Иш-чарада инновациялык сабактар, улуттук оюндар көрсөтүлдү.  Өзгөчө ат менен  жеӊишмей, кыз  куумай, улуттук  күрөш, тогуз коргоол, аркан тартмай, ордо оюндарын окуучулар  тарабынан кызыктуу жана так  көрсөтүлүп катышуучулардын алкыштарына  татыктуу  болушту.

  

Окуучулардын жаӊы мектеп формасы боюнча көргөзмөлүү жарыялар берилди.

Мектептин жамаатына иш-чараны жакшы уюштургандыгы  үчүн райондук  жетекчилик  тарабынан ыраазычылык билдирилип, «Арстанбап» пансионатына жолдонмо берилди. 

 

 

№24 Ө. Каипов  атындагы  орто  мектебинин  профкому   Бекташева Зуура