Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ош шаарынын борбордук стадионундагы “Жылдыздар бизди куттукташат” аттуу шоу-программасы ОшМУнун жамаатынын майрамдык жүрүшү менен коштолду

Ош мамлекеттик университетинин 75 жылдык мааракесине арналган иш-чаралардын алкагында 24-октябрь күнү Ош шаарынын борбордук стадионунда ОшМУнун жамаатынын салтанаттуу парады, “Жылдыздар бизди куттукташат” аттуу Кыргызстандын белгилүү ырчы айым, мырзаларынын катышуусундагы шоу-программа тартууланды.

 

        Борбордук стадион 10 миңден ашуун ОшМУнун жамаатынын майрамдык маанайын бөлүшкөнү келген конокторго толуп, салтанат Кыргызстандын, ОшМУнун желегин, гербин, “Мааракең кут болсун, ОшМУ!” лозунгдарды көтөргөн жаштардын коштоосунда ОшМУнун ректоратынан “Зирек ” балдар бакчасына чейинки 830 адамдан турган университеттин 40 структурасынын жүрүшү менен башталды.  

 

         Шоу-программаны ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү, белгилүү журналисттер Космос Чыдынов, Лунара Мамытова, Жанар Акаевдер менен биргеликте “ЭлФМ” радиосунун диджейи Бийке Бегимай, ОшМУнун салтанаттуу жыйындарынын мыкты алып баруучусу,  ОшМУнун медицина факультетинин студенти Нурлан  Раимбек уулу көрүүчүлөрдүн купулуна толгудай шаңдуу алып барышты.

 

 

 

         Салтантуу кечени  ОшМУнун ректору Каныбек Исаков ачып берип, жалпы жамаатты майрам менен куттуктап өттү.

         Мукзыкага, шаңга бөлөнгөн шоу-программага студенттерге жүргүзүлгөн анкетадан “Эң мыкты ырчынын эң мыкты репертуары” катары тандалып алынган кыргыздын шоу-бизнес жылдыздары Бек Борбиев, Анжелика, “Биз” тобу, Султан Садыралиев, Гүлзада Рыскулова, Ильяз Абдыразаков, Добр, Эмил Балтагулов, Айгерим Расул кызы, Өсөр Эшматов, Жумагул Раимжан кызы, Айпери Кулбаева, Түмөнбай Колдошов, Самара Каримова, Нурмат Садыков, Нурлан Баеков, Данияр Эрматов жана башка бир топ ырчы мырза, айымдар катышып, ОшМУнун жамаатын куттуктап өтүштү.

         Кечеге конок катары ОшМУнун экс-ректору Бектемир Мурзубраимов, белгилүү журналист, адабиятчы Абдыкерим Муратов, Ош облустук, Ош шардык бийлик өкүлдөрү, жогорку окуу жайларынын ректорлору жана бир топ чакырылган коноктор, ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы күбө болушуп, мааракеге карата жылуу сөздөрүн билдирип өттү.  Мааракеге арналган концерттик программа салюттардын атылуусу  менен жыйынтыкталды.

         75 жылдыкка арналган бул иш-чара ОшМУнун тарбия департаментинин башчысы Замир Божонов тарабынан уюштурулуп, ОшТВ телерадио компаниясы тарабынан түз эфирде көрүүчүлөргө тартууланды.