«Манас» лицей-интернатында билим берүү мекемелеринин профкомдору менен семинар
2014-жылдын 27-сентябрында «Манас» лицей-интернатында билим берүү мекемелеринин профкомдору менен семинар болуп өттү. Семинарда «Манас» лицей-интернатынын профсоюз комитетинин иши менен, иш кагаздары менен тажрыйба алмашуу болду. Андан кийин тарификация боюнча, убактылуу эмгекке жараксыз баракчасын толтуруу жана пособиенин төлөнүшү жана үч тараптуу келишимдин аткарылышы боюнча суроо-жооп катары викторина болуп, жаш профкомдор көп нерсени үйрөнүп кетишти.
30.09.2014 1079 Кесиптик бирлик региондордоКыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюздары модернизацияланып жаткан ОшМУ менен таанышты
Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин IV көчмө пленуму 17-19-сентябрь күндөрү Ош шаарында өттү. Пленумга билим жана илм тармагынын республика боюнча областтык, райондук, шаардык профсоюз кызматкерлери, жогорку окуу жайлары, атайын орто окуу жайларынын профсоюз комитеттеринин 80ден ашуун жетекчилери, пленумдун мүчөлөрү катышышты.
25.09.2014 2229 Кесиптик бирлик региондордоЖигердүү иштердин натыйжасы
2013-жылы мектеп окуучуларынын жайкы эс алуусу колго алынып, билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин жеке аракетинин натыйжасында мурда профсоюздардын Жалал-Абад облустук кеӊешинин балансында турган, кийин жеке менчикке сатылып кеткен «Сары-Челек» туристтик базасында 100 мугалимдин балдары эс алып ден соолугун чыӊдоого мүмкүнчүлүк алышты.
23.09.2014 1051 Кесиптик бирлик региондордоДЕМИЛГЕ КӨТӨРҮШКӨН ДЕМӨӨРЧҮЛӨР
2014-2015-окуу жылынын башталышы Ак-Суу районундагы Боз-Учук айылындагы орто мектебинин окуучулары жана мектеп жааматы үчүн өзгөчө майрам болду. Себеби, бул күнү мектеп атын алып жүргөн Мамыркул Чөкүевдин урпактары демилге көтөрүп айылдын билим уясына интерактивдүү досканы белекке беришти. Бул демилгени көтөргөн демөөрчүлөрдүн бири райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Темиралиев Малик уюштуруу иштерин жүргүзүү менен бирге өз салымын да кошту.
23.09.2014 1077 Кесиптик бирлик региондордоИнновациялык мектептер - билим берүүнүн таянычы
КРнын Билим берүү жана илим министригинин иш-чараларына ылайык республикабызда 100 инновациялык мектептер аныкталып, аларга өзгөчө макам берилип билим берүүнүн усулдук борбору деӊгээлинде иштей башташты. Ноокен районунда №1 Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектеби, Н. Исанов атындагы жатак гимназия мектептери 100 мектептин катарында иновациялык мектептер макамын алышып жаны окуу жылын башташты.
22.09.2014 1696 Кесиптик бирлик региондордоПедагогдордун жайкы дем алуусу кандай өттү?
Үстүбүздөгү жылдын 8 айынын ичинде Кыргызстан профсоюздар Федерациясы тарабынан санаторийлерге, пансионаттарга жана дем алуу үйлөрүнө берилген 219 120 сомдук 12 жолдомо менен 68 кесиптик бирлик мүчөсү ден соолуктарын чыңдап, дем алып келишти. Бул жолдомолор бардык дарылануучуларга жана дем алуучуларга акысыз таратылды. Суроо-талап көп болгондуктан, кесиптик бирликтин облустук комитетинин (төрагасы З.Н.Бөтөков) уюштуруусу боюнча келишимдик баада Оштогу К.Мамакеев атындагы санаторий-профилакторийинде 13, “Ош” пансионатында 5 кесиптик бирлик мүчөсү дарыланышты.
12.09.2014 1093 Кесиптик бирлик региондордоНоокат райондук комитетинин президиумунун кезектеги отуруму болуп өттү
9- сентябрда билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокат райондук комитетинин президиумунун кезектеги отуруму болуп өттү деп билдирди аталган комитеттин төрайымы Сонунбүбү Шанабаева. Анын билдирген маалыматына күн тартибинде 7 маселе каралып, анда 3- кварталда аткарган иштери жана кийинки кварталга карата аткарылуучу милдеттер белгиленди.
12.09.2014 970 Кесиптик бирлик региондордоМектепте музей ачылды
Жакында Ысык-Кѳл областына караштуу Ак-Суу районундагы Досалы Туратбеков атындагы орто мектебинде мектеп ысымын алып жүргѳн Д.Туратбековдун музейи салтанаттуу ачылды. Музейге кыргыз элине белгилүү бул инсандын жашоо-турмушунда колдонуп келген буюмдары, эмгек жолундагы сүрѳттүү кѳз ирмемдер, кийим-кечелери, иш кагаздары, орден-медалдары жана Ардак грамоталары коюлду.
11.09.2014 1602 Кесиптик бирлик региондордоОш шаардык билим берүү башкармалыгынын 2013-2014- окуу жылында аткарган иштери жана жаны 2014-2015 окуу жылына карата милдеттер
Ош шаардык билим берүү башкармалыгы Кыргыз Республикасынын конституциясынын мыйзамдарынын, «Билим берүү» жөнүндөгү мыйзамынын, мамлекеттик жана улуттук программалардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун, Билим берүү жана илим министрлигинин нормативдик иш кагаздарынын негизинде окуу - тарбия иштерин жүргүзүүдө
11.09.2014 3561 Кесиптик бирлик региондордоОш шаардык билим берүү башкармалыгынын 2014-жылдын 1-ЖАРЫМ ЖЫЛДЫГЫНДА аткарган иштери жөнүндө тексттик МААЛЫМАТЫ
Шаардагы 59 мектептин ичинен 20 орто мектеп мектеп-гимназия статусун алган, 4 мектепте гимназиялык класстар ачылган, 2 кыргыз-түрк лицейи, 4 менчик мектеп иштейт. Кыргыз-түрк лицейлеринде (Сема, Себат) 1260 окуучу, менчик мектептерде (Илим, АгаХан. Светоч, Грамотей)1251 окуучу билим алат. Шаардагы 10 мектепте (№1,3,5,9,19,21,23,26,42,50) сырттан билим берүүчү класстар ачылып, аларга 2782 окуучу тартылган.
11.09.2014 6629 Кесиптик бирлик региондордоЖаңы окуу жылына даярдык
Раймамадминистрациянын башчысы-акимдин алдындагы коллегиянын кезектеги отуруму болуп, анда райондун жалпы билим берүү мекемелери менен мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жаңы 2014-2015-окуу жылына даярдыгы жөнүндөгү маселе каралып, жыйынга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, райондук түзүмдүк бөлүмчөлөр менен кызматтардын, жалпы билим берүү мекемелери менен мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери катышышты. Ушул маселе боюнча райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Т.Иманалиев слайддарды пайдалануу менен кеңири баяндап берди.
10.09.2014 1631 Кесиптик бирлик региондордо