Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Чаткал райондук, Көк Жаӊгак жана Кара Көл шаарларындагы болуп өткөн отчеттук кайра шайлоо конференциялары

Жакында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Чаткал райондук VII конференциясы болуп өттү.

Конференцияда райкомдун отчеттук мезгил ичинде жүргүзгөн иштери боюнча доклад менен төрага А.Б.Батырбеков чыгып сүйлөдү. Текшерүү комиссиясынын доклады чогуу угулуп, жарыш сөздөргө чыгышкан 9 делегаттын бардыгы райкомдун 2010-2014-жылдарда жүргүзгөн ишин канаттандырарлык деп табышты.


Кийинки мөөнөткө альтернативасыз негизде Батырбеков Азанхан Батырбекович кайрадан шайланды.

Конференциянын ишине Чаткал райондук мамилекеттик администрациясынын башчысынын – акимдин биринчи орун басары Макетаев Жуман Алтымышович, Улаш кызы Чынара администрациянын башкы адиси, райондук билим беруу жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы Мурзакматов Кубанычбек Сыргабаевич катышып кеӊири сөз сүйлөдү.

Ошондой эле профсоюздун алдында турган милдеттерге токтолду.

9-октябрь Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Көк-Жаӊгак шаардык конференциясы болуп, анда шааркомдун 2009-2014-жылдардагы жүргүзүлгөн иштери боюнча анын төрайымы Юскаева Гульфия Махмудовна доклад жасады.

Доклад боюнча жарыш сөзгө 9 делегат чыгып сүйлөдү, алардын ичинен 7 делегат шааркомдун ишин «канааттандырарлык» деп табышты. Ал эми 2 делегат (Рысмамбетова Ж. Саткина А.Г) шааркомдун ишин жарым-жартылай «канааттандырарлык» деп баалашты.

Айрым сунуш-пикирлер да айтылды.

Конференциянын соӊунда альтернативасыз негизде Юскаева Гульфия Махмудовна кайрадан кийинки мөөнөткө шайланды.

Конференциянын ишине Көк-Жаӊгак шаардык мэриясынын башкы адиси Юсупова Сайрагүл, шаардык билим берщщ бөлүмүнүн башчысы Сейдахматова  Саткын Маматалиевна, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун төрагасы Мурзакматов Кубанычбек Сыргабаевич катышты жана учурдагы милдеттерге токтолуп, кеӊири сөз сүйлөдү.

Кара-Көл шаарында билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун кезектеги шаардык отчеттук – шайлоо  конференциясы болуп өттү. Анда шааркомдун төрайымы Каракозуева Айгүл Карыпбаевна  2009 -2014 - жылдар аралыгында жүргүзгөн иштери боюнча отчеттук доклад (слайддар) менен чыгып сүйлөдү.

Докладды талкуулоого катышкан делегаттар шааркомдун отчеттук мезгил ичинде жүргүзгөн иштерин «канааттандырарлык» деп табышты.

Конференция кийинки чакырылышка Каракозуева Айгүл Карыпбаевнанын өзүн шайлады.

Конференциянын ишине Кара-Көл шаарынын вице-мэри Сатарова Г.Ө. шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кожошова Д.М билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун төрагасы Мурзакматов Кубанычбек Сыргабаевич катышып, профсоюз тарабынан республикалык, облустук, жергиликтщщ деӊгээлде жүргүзүлүп жаткан иштерге кеӊири токтолду.

Шааркомдун ишиндеги колго алынбай жаткан ички резервдерди да белгиледи.

 

Жалал – Абад Обкомунун уюштуруу бөлүмү