Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Инновациялык жаӊылыктар багытындагы демилге

             Ноокен  райондук  мамлекеттик  администрациясынын  башчысы А.К. Осмоновтун  демилгеси  менен  билим  алган  №11 Э.Алиев  атындагы орто  мектебине окуу  тарбия  ишине көмөк көрсөтүү  үчүн видео  көзөмөл системасын орнотууну ата-энелердин демилгеси  менен ишке ашырып жаӊы  багыт алынды.

 

               Бул демилени колдоого  алып,  №12 Ж. Султанов  атындагы орто  мектеби  жана  ата-энелер,  жергиликтүү  башкаруу  органдарынын колдоосу  менен 140 миӊ сомго видео көзөмөл системасын ишке киргизүүгө жетишти.

                                                             

             29-октябрь күнү №12 Ж. Султанов атындагы орто  мектебинин  базасында мектептердин  директорлору үчүн  «Ачык  эшиктер  күнү» өткөрүлүп, жаӊы инновациялык  багыттын  артыкчылыктары көрсөтүлдү. Директорлор  10  ачык  сабактарга  жана  мектеп  окуучуларынын «Тоо  булбулу - Токтогул»  темасындаы   иш-чарасына катышышты. Иш-чараны  жакшы  даярдагандыгы  үчүн мектептин жамааты  билим, илим  профсоюзунун  Ноокен  райондук  комитети   тарабынан «Арстанбап-Ата»  турбазасына  жолдонмо менен  сыйланды.

 

 

Ошол эле күнү  бакчалардын  директорлору  үчүн №6 «Жылдыз» бакчасында  «Ачык эшиктер  күнү»  өткөрүлдү. Бакчанын  жамаатынын долбоорлор  менен  иштеп  материалдык базаны чыӊдоо  багытындагы аткарылган  иштери жана окуу-тарбия иштеринин  уюштурулушу менен таанышышты.

               

Түштөн кийин  №10  Абдразаков  атындагы  орто  мектебинин  чогулуштар  залында  райондук  билим берүү  бөлүмүнүн  коллегиясынын  кезектеги  отуруму  болуп, анда окуу-тарбия ишин уюштурулушу  боюнча  откорулгон  текшерүүлөрдүн  жыйынтыктары,  кышка даярдыктардын абалы, КР Өкмөтүнүн токтомуна  ылайык директорлор  менен  эмгек  келишимдерин  түзүү  жөнүндөгү  жана ар түрдүү маселелер  талкууланып,  тийиштүү  токтомдор  кабыл  алынды.

 

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн пресс-катчысы-

Барно Абдурахманова