Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси: “Өткөн жылдагы аткарылган иштер боюнча азын - оолак кептер”
Районубуздагы бала бакчалар арасында өткөн жылы райондук билим берүү бөлүмүнүн демилгеси менен көп иштер жүргүзүлдү. Натыйжада, өз үзүрүн берип, чоң ийгиликтер болду. Алсак, 3 бала бакча ачылып ( Теңдик айылындагы “ Теңдик- Алтын балалык” , Көбөгөн – Сай айылында “Барчын –Уя” жана Комсомол айылында “ Баластан” бала бакчалары) айыл тургундарын жана бөбөктөрдү кубантса, 3 бала бакча Мерсикого проекти жазып эмеректерди алышты. Алар: “ Наристе-И” бала бакчасы 368 миң сомго кийим чечүүчү шкафтар, столдор жана олтургучтар, “Куруучу” бала бакчасы 83 миң сомго кийим чечүүчү шкафтар, столдор жана олтургучтар, жана “Фаризат” бала бакчасы эшик, терезесин 127 миң сомго алмаштырды.
19.01.2015 1160 Кесиптик бирлик региондордоНоокенде «Балаты-2015» майрамы
Кочкор-Ата шаарындагы «Кудайберген» ресторанында 26-декабрь күнү райондук акимдин «Балаты-2015» жаӊы жылды тосуп алуу майрамдык аземи өткөрүлдү. Иш чарага райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А. К. Осмонов, орун басары Н. А. Бекжигитова, райБББнүн башчсы Б.С. Козуев, райПКнын төрагасы А.Ч. Айдаров, райБББнүн жооптуу кызматкерлери, окуунун отличниктери,
30.12.2014 1166 Кесиптик бирлик региондордоКочкор районундагы ийгиликтүү иштерге баяндама
Мектеп окуучуларына ысык тамак берүүнү оптималдаштыруу максатында уюшулган бул проектиге С.Өмүрбаев атындагы орто мектеби да кирип, жалпы суммасы 350 000 сомдук ашкана жабдууларын: кастрюлдар, төрт конфоркалуу электр плиталары, нан бышыруучу шкафтар, холодилниктер, 70 литрлик суу жылыткычтар, идиш-аяктарды жууп, жыйноочу текчелер жана үч секциялуу ванналар, таразалар жана чай кайнатуу үчүн титандар алынып келинип, азыркы күндө 150 окуучу атайы түзүлгөн менюнун негизинде ысык тамак берилүүдө.
25.12.2014 1140 Кесиптик бирлик региондордоКүн тартибинде - жыл жыйынтыгы
2014-жылдын 19-декабрында билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин кезектеги президиуму өткөрүлдү. Анда төмөндөгү маселелер каралды:
25.12.2014 1016 Кесиптик бирлик региондордоКара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитети жыл жыйынтыгын чыгарды
2014-жылдын 19-декабрь күнү Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин райондук профсоюз комитетинин Пленуму болуп анда 2014-жыл ичинде аткарылган иштерге кеӊири анализ берилди.Кароо-сынакта көрсөтүлгөн 23 пунктту так аткаргандыгы үчүн Т.Өмүрзаков а.о.м профкому Абдувахапов Розубай жеӊүүчү болду. Кароо-сынактын жеӊүүчүсү болгон Абдувахапов Розубай, РПК тарабынан 5000 (беш миӊ)сом акчалай сыйлык жана 1 даражадагы ДИПЛОМ менен сыйланды.
22.12.2014 966 Кесиптик бирлик региондордоЧүй райондук билим берүү кызматкерлеринин отчеттук-шайлоо конференциясынын өткөрүлүшү боюнча маалымат
Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин отчеттук-шайлоо конференциясы 2014-жылдын 16-декабрында өткөрүлдү. Конференцияга 42 делегат шайланган. 2 делегат белгилүү себептер менен катышкан жок, 40 делегат катышышты.
22.12.2014 1196 Кесиптик бирлик региондордоБилим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кочкор райондук комитетинин отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү
Үстүбүздөгү жылдын 16-декабрында Кочкор районундагы Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын жыйындар залында Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кочкор райондук комитетинин XXII отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп, чакырылган 57 профсоюздук уюмдардан 45 делегат, профсоюз уюмдарынын төрагаларынан тышкары Борбордук комитеттин башкы адиси К.Ниязбеков, профсоюздун Нарын областык комитетинин координатору М.Курманкожоев жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы И.Садырбаевдер катышты.
17.12.2014 1146 Кесиптик бирлик региондордоБаткен обкомунун төрагасы Завиридин Бөтөков Лейлек районундагы «Баластан» балдар чыгармачылык борборунун эмгек жамааты менен болгон жолугуштан
2014-жылдын 16-декабрында Баткен областтык билим берүү профсоюзунун төрагасы Завиридин Бөтөков жана Лейлек райондук профсоюз комитетинин төрагасы А.Мамажанов, Лейлек районундагы «Баластан» балдар чыгармачылык борборунун педагогикалык жамааты менен жолугуп, Профсоюздун иш-аракеттери жөнүндө айтылып, коллективдеги көйгөйлүү маселелер талкууланды.
17.12.2014 1175 Кесиптик бирлик региондордоТоктогулдун 150 жылдыгына жаӊы мектеп
Ноокен районунун №40 Токтогул атындагы орто мектебинин жамааты жана окуучуларнын, ата-энелеринин кубанычы чексиз. Токтогул Сатылгановтун 150 жылдык юбилейлик жылында мектептин жаӊы 192 орунду имарааты жана спорттук залы, ашканасы пайдаланууга берилди.
16.12.2014 1268 Кесиптик бирлик региондордо«Алтын-Уя» балдарга эшигин ачты.
Ноокен районунун Бүргөндү айылдык кеӊешинин депутаттарынын демилгеси жана коомчулуктун колдосу менен жергиликтүү бюджеттен 1млн 132.200 сом, коомчулуктан 207200 сом жана айылдык кеӊештин депутаттарынын жеке салымы 24000 сом бардыгы 1млн 363400сом каражат жумшалып, 60 орундуу бала бакча ачылып ишке берилди.
16.12.2014 1259 Кесиптик бирлик региондордоОшТУда бириккен профсоюз комитетинин VII отчеттук кайра шайлоо конференциясы болду
Ош технологиялык университетинде 5-декабрь күнү ОшТУнун бириккен профсоюз комитетинин VII отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү.
12.12.2014 1170 Кесиптик бирлик региондордо