Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кочкор районундагы ийгиликтүү иштерге баяндама

 

 

Аракет кылсаң берекет

 

Бириккен Улуттар Уюмунун бүткүл дүйнөлүк  Азык-түлүк программасынын колдоосу аркылуу  2013-жылдан бери  республика боюнча мектептерде ысык тамак берүү программасы ишке ашууда.  Мектеп окуучуларына ысык тамак берүүнү оптималдаштыруу максатында уюшулган бул  проектиге  С.Өмүрбаев атындагы орто мектеби да кирип,  жалпы суммасы  350 000 сомдук ашкана жабдууларын:  кастрюлдар,  төрт конфоркалуу электр плиталары, нан бышыруучу шкафтар, холодилниктер, 70 литрлик суу жылыткычтар, идиш-аяктарды жууп, жыйноочу текчелер  жана үч секциялуу ванналар, таразалар жана чай кайнатуу үчүн  титандар  алынып келинип, азыркы күндө 150 окуучу  атайы түзүлгөн менюнун негизинде ысык тамак  берилүүдө.  Бул  проектини ишке ашырууда  ата-энелер да өз салымдарын кошуп  18 000 сомго идиш-аяктарды  алып берсе,  мектеп директору  Т.Бактыгулов  Америка Кошмо штаттарынын айыл чарба департаментинин Мерсико кайрымдуулук фондуна  проект жазуу менен 66 600 сомго ашканага стол, стулдар алынды.

Жакында  бул мектепке Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын  тышкы саясаттар бөлүмүнүн башчысы  Исаков Сапар Жумакадыровичтин демилгеси менен Кытай Эл Республикасынын  Кыргыз Республикасындагы  элчилиги тарабынан 15 комплект  компьютер, 2 көп функциялуу Canon аппараты, диогоналы 1,20 метрлик түстүү телевизор жана   бир класстык бөлмөгө  15 парта , 30 отургуч,  мугалим  үчүн стол, стул, шкафтар   белекке берилди. 

Мектептин материалдык базасын көтөрүү  иши менен катар окутуу, тарбиялоо ишинде да көп жакшы ийгиликтерге жетишүүдө. Алсак, өткөн окуу жылында  биология мугалими  Ж.Кожомкулованын талыкпаган эмгегинин  натыйжасында 11-класстын окуучусу  Айдарбек кызы Сезим Республикалык олимпиадага катышып келсе,  үстүбүздөгү жылы  өткөрүлгөн райондук олимпиадада  11-класстын окуучусу Сейитбек кызы Динара  облустук олимпиадага катышууга жолдомо алып, даярдык көрүүдө.

 

                                          Астра Асаналиева

Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн

Окуу-методикалык кабинеттин башчысы