Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Алтын-Уя» балдарга эшигин ачты.

Ноокен  районунун  Бүргөндү айылдык  кеӊешинин  депутаттарынын  демилгеси  жана коомчулуктун  колдосу  менен жергиликтүү бюджеттен 1млн 132.200 сом, коомчулуктан 207200 сом жана айылдык  кеӊештин  депутаттарынын жеке салымы 24000 сом   бардыгы 1млн 363400сом каражат  жумшалып, 60 орундуу бала бакча ачылып  ишке  берилди.

 

       2014-жылдын 12-декабры күнү  райондук  жетекчилердин, райондогу 29 бакчалардын  директорлору, жергиликтүү  өз-өзүн  башкаруу  органдарынын өкүлдөрү, айылдык  кеӊештин  депутаттары, ата-энелердин өкүлдөрүнүн катышуусу  менен  №28 «Алтын  Уя»  бакчасынын  салтанаттуу  ачылыш аземи жана  «Ачык  эшиктер  күнү»  иш  чарасы  болуп өттү.

 

                   Иш чарада райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким   А.К. Осмонов, айылдык  кеӊештин  депутаттарынын райондук  кошмо жыйынынын  төрагасы К. Өскөнбаев, райБББнун башчысы Б.С. Козуевтер  куттуктооларында жаны  бакчанын  ишине  ийгиликтерди каалашып, бакчанын  жамаатына жайкы эс алуусу  үчүн «Арстанбап-Ата» турбазасына  жолдомо жана «Ардак  Грамота»  менен  сыйлашты.

 

 

Ноокен райондук билим  берүү бөлүмүнүн пресс-катчысы

Барно Абдурахманова