Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Токтогулдун 150 жылдыгына жаӊы мектеп

        

Ноокен районунун №40  Токтогул  атындагы орто  мектебинин  жамааты жана    окуучуларнын,  ата-энелеринин кубанычы  чексиз. Токтогул  Сатылгановтун  150  жылдык  юбилейлик  жылында мектептин  жаӊы 192 орунду имарааты жана  спорттук  залы,  ашканасы пайдаланууга  берилди. 

 

          2014-жылдын 10-декабрында райондун 55 мектептеринин  директорлору, ата-энелердин, жергиликтүү  өз-өзүн башкаруу органдарынын, коомчулуктун  катышуусу менен  «Ачык эшиктер  күнү» өткөрүлдү. Жаӊы мектепте кызыктуу  сабактар  жана Токтогулдун 150 жылдыгына карата  иш чара болуп, катышуучулардын алкышына татыктуу  болду.

 

             Иш чаранын акырында райБББнүн  башчысы Б.С.Козуев, райПКнын төрагасы А.Ч.Айдаровтор сүйлөп Достук айылдык аймагынын мурдагы башчысы, «Билим, илим  профсоюзунун  отличниги» төш  белгисинин  ээси Ж.Ч.Мамановко  мектептин  курулушун бүткөрүүдөгү  эмгектери үчүн ыраазычылыктарын билдиришип «Жалал-Абад»  санаториясына жолдомо беришти  жана мектептин жамаатынын иштерине  ийгиликтерди каалашып, Токтогул Сатылгановтун музейине экскурсия үчүн каражат бөлүп берүүсүн билдиришти.