Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде «Балаты-2015» майрамы

Кочкор-Ата шаарындагы «Кудайберген»  ресторанында  26-декабрь күнү райондук акимдин «Балаты-2015» жаӊы  жылды  тосуп алуу майрамдык  аземи өткөрүлдү. Иш чарага  райондук мамлекеттик администрациясынын  башчысы-аким  А.  К. Осмонов, орун  басары  Н. А. Бекжигитова, райБББнүн  башчсы Б.С. Козуев, райПКнын  төрагасы  А.Ч. Айдаров, райБББнүн  жооптуу кызматкерлери, окуунун отличниктери, мыкты спортчулар, кароолордун  жеӊүүчүлөрү, мектептердин парламенттеринин мүчөлөрү болуп 100 окуучу жана мугалимдер, куурчак театрынын жаш  артисттери катышты.                      Катышуучуларга майрамдык  дасторкон уюштурулуп райондук акиимдин жаӊы жылдык белектери жана  10  окуучуга «Мыкты  окуучу-2014» дипломдору тапшырылды. Майрамдык азем кызыктуу, мазмундуу, өзгөчө шаӊ  менен өттү. Окуучулар райакимге ыраазычылыктарын билдиришти жана эстеликке сүрөттөргө түшүштү.

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн пресс-катчысы  Б. Абдурахманова.