Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшТУда бириккен профсоюз комитетинин VII отчеттук кайра шайлоо конференциясы болду

Ош технологиялык  университетинде 5-декабрь күнү ОшТУнун бириккен профсоюз комитетинин VII отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү.

 Конференцияга  146 делегаттан тышкары КРнын Профсоюздар Федерациясынын төрагасы, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов,  Ош  областтык  Билим, илим  кызматкерлеринин  профсоюз  комитетинин  төрагасы  С.  Тойгонбаев, ОшТУнун биринчи проректору профессор Мансуров К.Т.  ОшТУнун Аялдар Кеңешинин төрайымы, Жаштар комитетинин  төрагасы, факультеттердин декандары, структура бөлүмдөрүнүн башчылары, кызматкерлер, студенттер да катышышты.

Конференцияда ОшТУнун бириккен профкомунун төрагасы Арзыматов Азизбек Кабылович 2009-2014-жылдар аралыгындагы ОшТУнун профсоюз комитетинин жүргүзгөн иштери боюнча отчетун  берди. Отчетто   профсоюз  комитети  тарабынан окутуучулардын, кызматкерлердин, студенттердин социалдык,  экономикалык  кызыкчылыктарын  жана  эмгекти  коргоо  багытында  алып  барылган  иштери  жөнүндө кеңири  баяндалды.

 Андан соң “ОшТУнун бириккен профсоюз комитетинин текшерүү комиссиясынын 2009-2014-жылдар аралыгындагы иштери жөнүндөгү отчету” боюнча текшерүү комиссиясынын төрагасы Жусупов Алибай маалымат берди.

    Сөзгө  чыккан  делегаттар  отчет  аралыгында жүргүзүлгөн  алгылыктуу  иштерди  белгилеп, сунуш-пикирлерди айтуу менен «канааттандырарлык» деген  баа беришти.  

Кайра шайлоо ишинде ОшТУнун бириккен профсоюз комитетинин төрагалыгына төрага Арзыматов Азизбек жана Экономика жана башкаруу факультетинин доценти э.и.к. Ташматова Гульнара Эргешовна  талапкерлигин койду. Шайлоо жабык түрүндө өттү. Шайлоонун жыйынтыгында делегаттардын 103 добушу менен Арзыматов Азизбек 5 жылдык мөөнөткө көпчүлүк добуш менен  ОшТУнун бириккен профсоюз комитетинин төрагасы болуп кайра шайланды.