Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кочкор райондук комитетинин отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 16-декабрында  Кочкор районундагы Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын жыйындар залында  Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кочкор райондук комитетинин  XXII  отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп,  чакырылган  57 профсоюздук  уюмдардан  45 делегат,  профсоюз уюмдарынын төрагаларынан тышкары Борбордук комитеттин башкы адиси К.Ниязбеков, профсоюздун  Нарын областык комитетинин координатору М.Курманкожоев жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы И.Садырбаевдер  катышты. 

Күн тартибиндеги маселелер боюнча  Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кочкор райондук комитетинин төрагасы А.Темировдун отчету, текшерүү комиссиясынын төрагасы  М.Мамбетказиевдин маалыматы угулуп, суроо-жооп, талкулоонун натыйжасында  райондук профсоюз комитетинин иши канааттандырарлык деп табылды.  Андан соң райондук профсоюз комитетинин жана текшерүү комиссиясынын жаңы курамы бекитилди.

Конференциянын жүрүшүндө  ачык добуш берүү жолу  менен  райондук комитеттин төрагасы болуп  Темиров Абайылда Темирович кайрадан беш жылдык мөөнөткө шайланды.

 

 

 

Мандаттык комиссиянын төрайымы    А.Асаналиева