Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси: “Өткөн жылдагы аткарылган иштер боюнча азын - оолак кептер”

          Районубуздагы бала бакчалар арасында  өткөн жылы райондук билим берүү бөлүмүнүн демилгеси менен көп иштер жүргүзүлдү.  Натыйжада, өз  үзүрүн  берип, чоң ийгиликтер болду. Алсак, 3 бала бакча ачылып ( Теңдик айылындагы “ Теңдик- Алтын балалык” , Көбөгөн – Сай айылында “Барчын –Уя”  жана Комсомол айылында “ Баластан” бала бакчалары)  айыл тургундарын жана бөбөктөрдү кубантса, 3 бала бакча Мерсикого проекти жазып эмеректерди алышты. Алар:  “ Наристе-И” бала бакчасы 368 миң сомго  кийим чечүүчү шкафтар, столдор  жана олтургучтар, “Куруучу” бала бакчасы 83 миң сомго кийим чечүүчү шкафтар, столдор жана олтургучтар, жана “Фаризат” бала бакчасы эшик, терезесин 127 миң  сомго алмаштырды.

   Бала бакча эң орчунду маселе  экендигин түшүнгөн айыл өкмөттөрү жакындан жардам берип жатышат.  Баса  белгилеп  кетсем Кочкор, Семиз - Бел, Талаа - Булак   жана Сон - Көл айыл өкмөттөрү бала бакчанын ремонтторуна жардам беришти.

            2014-жылдын    “ Жылдын  мыкты   бала   бакчасы”   аттуу      облустук    кароо- сынакта

“ Ак – Тилек” бала бакчасы 3-орунга ээ болду. Азын-оолак бул бала бакчанын ийгиликтерин айтып кетсем, “Ак-Тилек” бала бакчасынын директору Зарылкан Абышова айыл өкмөтүнө жана айылдык кенешке кат киргизип, таза суу киргизди. 90 000 сом айыл өкмөт берсе, ишкер Э. Райымкулов 129 500 сомго жылуу суу үчүн 80 литрлик жана 10 литрлик  аристон койдурду. Ар бир топко кол жууганга раковина, 4 унитаз орноштулду, 2 септик  бетондолуп жасалды. Балдар ойноочу аянтчага беседка жасалды. Ата – энелер дагы колдоп, балдарга оюнчуктарды алып беришти.

          Нарын облустук усулдук билим берүү борбору уюштурган “ Ыр-Кесе” кароо-сынагында Кочкор районундагы  бала бакчалардын кызматчылары жогорку деңгээлде өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Жыйынтыктоочу  Нарында өткөн Гала концертке С.Матсаева баштаган таланттуу кызматкерлер  катышып, облус боюнча 2-орунга ээ болушуп, телевизор белекке алышты.

           Мындан тышкары райондо семинарлар өткөзүлүп өз ара тажрыйба алмашуулар болду жана улантылууда.“Дени сак бөбөк” аттуу семинар сентябрь айында “Ийгилик” бала бакчасында өтсө, “Ак–Тилек” бала бакчасында “Алдыңкы иш тажрыйба баарына” аттуу семинар декабрь  айында өтүлдү. Ал эми, бала бакчалардын музыканттары тарбиячылары жана орус тилчилери үчүн дагы семинарлар өтүлүүсү  күтүлүүдө.

            Нарын облусдук усулдук билим берүү борбору уюштуруусунда облустагы бала бакчалар арасында иш тажрыйба алмашуу үчүн семинарлар өтүлүүдө. Кочкор районунда январь айында өткөзүү үчүн чоң камылга көрүлүүдө.

           Жаңы жылда жакшы аракеттерди жасап жаткан бардык бала бакчалардын кызматкерлерин Жаңы жыл менен куттуктап, аларга иштерине ийгилик, тарбияланып жаткан балдарга ден соолук, элибизге тынчтык каалап кетмекчимин.

 

 

 

 

Кочкор райондук билим

берүү бөлүмүнүн адиси:                                                                      Ч. Табылдиева