Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин отчеттук-шайлоо конференциясынын өткөрүлүшү боюнча маалымат

 Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин отчеттук-шайлоо конференциясы 2014-жылдын 16-декабрында өткөрүлдү. Конференцияга 42 делегат шайланган. 2 делегат белгилүү себептер менен катышкан жок, 40 делегат катышышты. Конференцияга Кыргызстан профсоюздар федерациясынын Кеңешинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын билим жана  илим  кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасыТоктогулов Асылбек Токтогулович, Чуй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акимдин орун басары Караев Бакыт   Өмүрбекович, Чуй райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кибираева   Айткуль Сабыровна, Чүй райондук мамлекеттик администрациясынынсоциалдык маселелер боюнча секторунун башчысы Айылчиева Элнура , Райондук «баласагын оттору» газетасынын корресподенти Перизат Кемелбекова катышты. 

Конференцияда күн тартибинде төмөнкудөй маселелер каралды

 

  1. 2010-2014-жылдар аралыгында аткарган иштер боюнча Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы С.Ж.Наматовдун отчету
  2. 2010-2014-жылдар аралыгындагы иштер боюнча ревизиялык комиссиянын төрайымы Ж.Д.Алымбаеванын отчету
  3. Райондук билим беруу кызматкерлеринин профсоюзунун мүчөлөрүнүн  топтомун бекитүү
  4. Текшерүү комиссиянын топтомун бекитүү

1 маселе боюнча С.Ж.Наматов төмөнкулөргө токтолду.

Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу алдына «Билим берүү кызматкерлеринин социалдык жана укуктук кызыкчылыктарын коргоо» деген  милдетти коюп иш жүргүзүүдө. Ушул милдеттин алдында төмөнкүдөй маселелер коюлган:

Кыргыз Республикасынын

1.  «Билим берүү жонундо» мыйзамынын ишке ашырылышын көзөмөлдөө жана аткаруу

2. «Мугалимдин статусу жөнүндө» мыйзамдын ишке ашырылышын көзөмөлддөө жана аткарууга жетишуу

3. «Эмгек жаатындагы социалдык  өноктөштүк боюнча» мыйзамдын ишке ашырылышын көзомөлдөө жана аткаруу

4. 3 тараптуу жана коллективдик келишимдерди тузуунун эффективдуулугун жогорулатуу жана реализациялоо

5. Эмгек тартибин сактоо жана коопсуздук эрежелерин алдын алуу.

6. Эмгек акыны жогорулатууга карата көмөк иштерин уюштуруу

2-маселе боюнча текшерүү комисссиясы отчет менен тааныштырды.

  1. 3-4-маселер боюнча  Райондук билим беруу кызматкерлеринин профсоюзунун 23 мүчөлөрүнүн  топтомун бекитилди жана 3 кишиден текшерүү комиссиянын топтомун бекитилди.

Конференциянын жыйынтыгында Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин отчеттук-шайлоо конференциясы жыйынтыгы менен ачык шайлоо менен, 1 добуштан С.Ж.Наматов кайрадан Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы болуп шайланды.