Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитети жыл жыйынтыгын чыгарды
2014-жылдын 19-декабрь күнү Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин райондук профсоюз комитетинин Пленуму болуп анда 2014-жыл ичинде аткарылган иштерге кеӊири анализ берилди.
2014-жылдын 16-январындагы РПКнын Президиумунун №1-1 токтому менен кабыл алынган « Жылдын Бакайы-2014», «Жылдын Мырзасы-2014», «Жылдын Даткасы-2014» жана «Жылдын Айымы-2014» Ардактуу наамдарын ыйгаруу боюнча Жобо, комиссиянын курамы бекитилген.
2014-жылдын 9-декабрь күнү комиссиянын отуруму болуп «Жылдын Бакайы-2014» номинациясынын жеӊүүчүсү болуп Сыдык Алайчы уулу а.о.м. директору Топчубаев Алтымыш, «Жылдын Мырзасы-2014» номинациясынын жеӊүүчүсү болуп Агартуу о.м. профкому Калмуратов Жанибек, «Жылдын Даткасы-2014» номинациясынын жеӊүүчүсү болуп Учар орто мектебинин профкуому Алымкулова Савлет жана «Жылдын Айымы-2014» номинациясынын жеӊүүчүсү болуп «Келечек» балдар бакчасынын профкому Абдурахманова Мухаелар аныкталды. Жеӊүүчүлөргө РПК тарабынан сый-тамак уюштурулуп, улуттук кийимдер, баалуу белектер, дипломдор тапшырылды.
Ошондой эле КР билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин 2014-жылдын 29-январындагы Президимунун №17-1 токтому менен бекитилген «Жаштар менен иштөөнү мыкты уюштуруу жана профсоюз мүчөлөрүн социалдык жактан колдоону инновациялык формаларын киргизүү боюнча» кароо-сынактын жыйынтыгы 2014-жылдын 23-октябрь күнү комиссия тарабынан чыгарылды. Кароо-сынакта көрсөтүлгөн 23 пунктту так аткаргандыгы үчүн Т.Өмүрзаков а.о.м профкому Абдувахапов Розубай жеӊүүчү болду. Кароо-сынактын жеӊүүчүсү болгон Абдувахапов Розубай, РПК тарабынан 5000 (беш миӊ)сом акчалай сыйлык жана 1 даражадагы ДИПЛОМ менен сыйланды.
Кара-Суу райондук билдим берүү
кызматкерлеринин профсоюз
комитетинин төрагасы П.Жакыпов