Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Күн тартибинде - жыл жыйынтыгы

     2014-жылдын 19-декабрында билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин кезектеги президиуму өткөрүлдү. Анда төмөндөгү маселелер каралды:

  1.    «2014-жыл – жаштар жана профсоюздардын  ишмердүүлүгүндөгү  инновациялар жылы» Республикалык кароо – сынагынын облустук турдун жыйынтыгы жана  жеӊүүчүлөрдү сыйлоо жөнүндө.
  2.     Келишимдерди жана макулдашууларды түзүүнүн формаларын, мазмунун өркүндөтүү  боюнча профсоюздун Ноокен, Майлуу-Суу райшааркомдорунун уюштуруучулук иштери жөнүндө.
  3.     Профсоюздун Базар-Коргон, райондук комитетинде профсоюздук бюджеттин максаттуу пайдаланылышы жөнүндө
  4.     Ар түрдүү маселелер

 

      Күн тартибиндеги 1-маселе боюнча сөз А.Бегматовго берилди.

      «2014-жыл–жаштар жана профсоюздардын ишмердүүлүгүндөгү инновациялар жылы» деп аталган республикалык кароо-сынактын облустук турунун жыйынтыгы боюнча комиссиянын бүтүмү менен тааныштырды.

        Жеӊүүчүлөрдү сыйлоо боюнча сунуштарды белгиледи.

1-2-3-орунду алган жеӊүүчүлөргө дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды

         2-маселе боюнча К.Мурзакматов, А.Айдаров, Б.Джураевалар билдирүүлөрдү жасашты.

         Бул маселе боюнча Аксы райкомунун төрагасы А.Бабакулов, Жалал-Абад шааркомунун төрайымы З.Тургунбаева, Ала-Бука райкомунун төрагасы Ж.Дурусалиев, обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов чыгып сүйлөдү. Талкуудан кийин тиешелүү токтом кабыл алынды.

         3-маселе боюнча Базар-Коргон райкомдун финансы каражаттарын максаттуу пайдаланышы жөнүндө З.Сулайманов жана Б.Калимбетовдор билдирүү жасашты.

     Талкуудан кийин тиешелүү токтом кабыл алынды.

     Ар түрдүү маселелер боюнча жакын арада аткарылуучу иштер туралуу ойлор ортого салынды. Бул маселе боюнча обкомдун төрагасы К.Мурзакматов жыйынтыктоо сөзүн сүйлөдү.

 

     Обкомдун президиумун К.Мурзакматов алып барды.